Search:

,;,ll,l;,l;,l,

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / Илимдеги аялдар менен кыздардын эл аралык күнү белгиленди!

Илимдеги аялдар менен кыздардын эл аралык күнү белгиленди!

Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын базасында илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнүнө арналган илимдеги үч муун аялдардын жолугушуусу болуп өттү. 11-февраль – илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнү бүткүл дүйнө жузүндө белгиленип, 2015-жылы 22-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясы менен бекитилген. Анда дүйнө өлкөлөрүнүн башчыларына, бейөкмөт уюмдарына жана академиялык институттарга аялдардын жана кыздардын билим алуусуна, илимий ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырык ташталган.

Бул иш-чаранын максаты – аялдардын жана кыздардын илим, техника жана инновацияда өзүнүн потенциалын ачуусуна өбөлгө түзүү жана колдоо көрсөтүү болуп эсептелет. Иш-чаранын жүрүшүндө Аламүдүн райондук балдар чыгармачылык борборунун жана Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинин, Бишкек шаарындагы “Эрудит” окуу-билим берүү комплексинин, №65 эколого-экономикалык лицейдин көргөзмөлөрү, Кыргызстандагы ойлоп табуучу аялдардын жетишкендиктери-ийгиликтери боюнча көргөзмөлөрү, ошондой эле “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү борборунун сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле декоративдик-прикладдык искусство чеберлеринин көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р. Отунбаева, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри А. Омурбекова, өлкөбүздүн ойлоп табуучу аялдары, окумуштуулар жана келечекте көптү үмүттөндүргөн ойлоп табуучу кыздар катышты.

Р. Отунбаева аялдардын илим жана ойлоп табуучулукта маанилүү роль ойноруна көңүл буруу менен келечекте дагы алсыз, бирок күчтүү духка ээ болгон аялзатын колдоого алуу керектигин белгиледи.

Вице-премьер-министр А. Омурбекова бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, кийинки жылдан тарта илимдеги аялдар үчүн атайы сыйлык бекитүүгө аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы                    Д. Молдошева аталган иш-чара Кыргызстанда быйыл биринчи жолу белгиленип жатканын, илимдеги аялдар менен жолугушуу кыска аралыкта уюштурулганын, келерки жылы бул майрам республика боюнча масштабдуу түрдө белгиленерин айтты. Кыргызпатент илим жана ойлоп табуучулуктагы аялдардын катышуусу менен конференция өткөрүүнү пландаштырып жатканын, ошондой эле ушул күндүн урматына, жаратман аялдар туурасында китеп жарык көрөрүн маалымдай кетти.

Иш-чара С. Кийизбаева атындагы №8 музыкалык мектептин хор жамаатынын чакан концерти, Р. Шүкүрбеков атындагы №38  окуу-тарбия комплекс гимназия-мектебинин окуучусу С. Туратбекованын эне жөнүндөгү ыры менен коштоолду. Жыйынтыгында иш-чаранын бардык катышуучусу эстеликке сүрөткө түшүштү.

Печать