Search:

,;,ll,l;,l;,l,

Кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Кыргызпатенттин алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Борбордук Азиядагы Америка университетинин инновациялык колледжи менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

         Меморандум кызматташуу жана бирдикте иш алып баруу боюнча төмөндөгү багыттарды камтыйт:

         -“Келечек жаратманы” жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча республикалык олимпиаданы колдоо жана өткөрүү;

         -интеллектуалдык менчиктин ролу жана мааниси жөнүндө жаштардын маалыматтуулугун жогорулатуу.

         Иш-чаранын алкагында ИМ мамфондунун аткаруучу директору           У. Сыдыков менен БАУУнун ректору Ч. Шамшиев иштеги келечек пландары менен ой бөлүшүп, аймактардагы балдар жана жаштарды колдоо боюнча иш-аракеттерди биргеликте жүргүзүү ниеттерин билдиришти.

         Белгилей кетчү нерсе, БАУУнун инновациялык колледжи менен аталган Меморандумга кол коюу ИМ мамфондунун ишин окуучулар жана студенттер арасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишмердүүлүктүү жайылтууда кеңири мүмкүнчүлүк берет.      

Печать