Search:

,;,ll,l;,l;,l,

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / Ийрим мугалимдери 3Д моделдөө жана 3 Д принтерди колдонуу  боюнча окутуу курсунан өтүштү

Ийрим мугалимдери 3Д моделдөө жана 3 Д принтерди колдонуу  боюнча окутуу курсунан өтүштү

2020-жылдын февраль айында Бишкек шаарындагы №98 Байланыш жана маалымат технологияларынын кесиптик лицейинде кызматташуу жөнүндөгү Меморандумдун алкагында Кыргызпатенттин алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду менен Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркия башкармалыгынын (ТИКА) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү биргелешип, робототехника ийрим жетекчилери үчүн экинчи ирет “Башталгыч жана жогорку деңгээлде 3Д моделдөө жана 3 Д принтер колдонуу” аталышында окутуу курсун өткөрүштү.

Окутуу курсунун максаты – мугалимдерге баштапкы жана тереңдетилген 3Д моделдөө жана 3 Д принтерди колдонуу жана программалаштырууну үйрөтүү болуп саналат.

ТИКА тарабынан уюштурулган иш-чарага  аймактардагы балдарга билим берүү жана балдар чыгармачылык борборлорунан IT-адистиктеги жана робототехника ийримдеринин мугалимдери, тагыраак айтканда, Ысык-Көл областы боюнча Ак-Суу районунан – 1 адам, Тоң районунан – 2, Балыкчы шаарынан – 2, Талас областы, Талас районунан – 1, Баткен областы, Кадамжай районунан – 1, Жалал-Абад шаарынан – 2, Чүй областы боюнча Кемин району – 2, Кара-Балта шаары – 2, Нарын областы, Ат-Башы району – 1, Ош шаары – 1 адам, жалпысынан 15 адам катышып, атайы сертификатка ээ болушту.

Жыйынтыгында мугалимдер ИМ мамфондунун аткаруучу директору     У. Сыдыковго жана ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Али Муслу мырзага акысыз окутуу курсун уюштуруп бергендиктери үчүн ыраазычылыгын билдиришти. 

Печать