Search:

,;,ll,l;,l;,l,

“Биздин балалыктын асманы”

 “Биздин балалыктын асманы” жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышууга чакырабыз!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун жаштар бирикмеси  Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, балдарды колдоо жылына жана  1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата креативдүү, таланттуу, чыгармачыл жаш сүрөтчүлөрдү “Биздин балалыктын асманы” аталышындагы онлайн көргөзмөгө катышууга чакырат!

Иш-чаранын максаты – өлкөбүздөгү жаш сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгын жайылтуу, өркүндөтүү, дем-шык берүү жана тематикасынын диапазонун кеңейтүү болуп саналат.

*Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын жаш сүрөтчүлөрү, орто жана жогорку окуу жайдын студенттери, дегеле көркөм сүрөт искусствосуна кызыккан 16-45 жашка чейинки жарандар катыша алат.

*Көргөзмөгө живопись, графика, декоративдик-прикладдык искусство, керамика жана скульптура боюнча көргөзмөнүн тематикасына (балалык жөнүндө) туура келген 3төн кем эмес чыгармачылык иш кабыл алынат. Жыйынтыгында альбом-каталог чыгарылат жана ар бир катышуучуга Кыргызпатенттин диплом, сертификаттары тапшырылат.

*Чыгармалык иштерин, өтүнмөнү 30-октябрга чейин damira.tuloberdi@patent.kg жана zamirilipov@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүү керек.

Жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн өткөрүү жөнүндө жобо

Байланыш телефондор: (0770) 98-98-08, (0700) 87-40-55

Печать