Search:

,;,ll,l;,l;,l,

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / (Русский) I Съезд Центров поддержки технологий и инноваций (ЦПТИ).

(Русский) I Съезд Центров поддержки технологий и инноваций (ЦПТИ).

Кыргызпатент тарабынан уюштурулган иш-чаранын негизги максаты – ТИКБнын өнүгүшү жана ага зарыл болгон шарттарды, ресурстарды аныктоо үчүн тажырыйба алмашуу, мындан аркы кызматташтыктын келечеги жана анын маселелери боюнча талкуу жүргүзүү.

I Съездге Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ), Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ), Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматынын (Роспатент), «Future Laboratory» консалтингдик компаниясынын (Грузия), “Astana Hub” IT-стартаптардын эл аралык технопаркынын (Казахстан), Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын, Жогорку аттестациялык комиссиясынын, илимий-изилдөө институттарынын, ЖОЖдордун өкүлдөрү, Кыргызпатенттин өнөктөштөрү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөр катышты.

Кызуу талкуунун жүрүшүндө мыкты чет өлкөлүк ТИКБлардын жергиликтүү өнүгүү практикалары тууралуу презентациялар көрсөтүлүп, ИМБДУнун жана ЕАПУнун Алтын медалдарын тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасында технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча тиешелүү жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүүгө ТИКБнын координаторлорунун кызыкчылыгын арттыруу жана аларды шыктандыруу максатында, интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызпатент ведомстволук грамоталар жана баалуу белектер менен төмөнкү өзгөчөлөнгөн жергиликтүү борборлорду сыйлады: КОСУ, ОшТУ, ЖАМУ, ОшМУ, КМКТАУ, ТалМУ, МПТК, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, КРнын УИАнын түштүк бөлүмүнүн Жалал-Абад илимий борборунун жана КРнын саламаттык сактоо министрлигинин улуттук хирургия борборунун базаларындагы ТИКБлар.

Эл аралык жана улуттук спикерлердин пикирин угуп, ТИКБнын долбоорлорунун ишке ашыруу натыйжаларын талкуулап жана материалдарды талдоо менен I Съезинин ишинин жыйынтыгы боюнча катышуучулар резолюция кабыл алышты. Резолюцияда көрсөтүлгөн демилгелер ТИКБлардын мындан аркы иш пландарынын негизине киргизилет.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасы 2010-жылы интеллектуалдык менчик жаатындагы адистештирилген маалымат базаларына болгон мүмкүнчүлүктү камсыздоо, ошондой эле колдонуучуларды патенттик изилдөө жүргүзүү боюнча окутуу максатында ИМБДУнун технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорун түзүү боюнча эл аралык пилоттук долбооруна кирген.

10 жыл ичинде жалпы республиканын аймагында 24 чарбалык субъектилердин базасында, анын ичинде 15 жогорку окуу жайында, 4 илимий-изилдөө борборунда, 2 медициналык мекемелерде жана 3 китепканада ТИКБлар ачылып, өз ишин жүргүзүп жатат.

Аталган долбоор чарбалык субъектилерге маалыматтык ресурстарды көрсөтүү менен региондордогу инновациялык ишмердикти өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ.

Печать