Search:

,;,ll,l;,l;,l,

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / «Келечек жаратманы» жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча республикалык олимпиадасы экинчи ирет өткөрүлдү

«Келечек жаратманы» жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча республикалык олимпиадасы экинчи ирет өткөрүлдү

Бир таштап көргөн кадам кийинки үмүттүн шооласын тартуулайт. Жаңы үмүт жаңы кыялдарды, изги ой, максаттарды ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Дал ошондой, келечектен ишеним арткан жаш муундарга арнап, Кыргызпатент «Келечек жаратманы» жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча республикалык олимпиаданы экинчи ирет өткөрүп жатат. Тагыраак айтканда, алгач жер-жерлерде олимпиаданын 1-туру өткөрүлүп, андан жогорку упайды алган 130 окуучу 2-турга катышты. Алардын “Ойлоп табуу”, “Видеоролик” багыттары боюнча иштелмелерин, долбоорлорун 8-9 декабрда калыстар тобу карап чыгып, натыйжада финалга 59 окуучу 64 долбоор менен чыкты.
2020-жылдын 15-16-декабрында ZOOM аянтчасында калыстар тобу финалга чыккан иштерди кылдаттык менен карап, балдарга суроолорду берип жатышты. Айта кетчү жагдай, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүн каптап жаткан пандемия элди кейишке салып, ага каршы каражатты табуу үчүн окумуштууларды түйшөлтүп жатканы шексиз. Анын сыңары, биздин жаш ойлоп табуучулар да четте калбастан ковидге каршы өздөрүнүн ойлоп табууларын сунушташты. Мисалы, Бишкек шаарындагы “Эрудит” окуу билим комплексинин окуучусу Шилов Артем “Эшелон-1”, Ош шаарындагы “Мээрим” балдар билим борборунун окуучусу Абдрахманова Назбийке “Байланышсыз автоматтык дезинфектор” ж.б.у.с. ойлоп табуулар.
Олимпиаданын катышуучулары онлайн форматта болсо, дагы жаңыча ой жүгүртүп, кызыктуу, креативдүү долбоорлорун жан дили менен айтып, түшүндүрүп берүүгө аракеттенип жатышты.
Баса белгилей кетсек, «Келечек жаратманы» жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча II республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи салтанаттуу түрдө Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүнө карата 2021-жылдын 15-январында өткөрүлөт.
Печать