Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Articles posted by Пресс-служба (Page 2)

Көңүл буруңуздар, жогорку класстын окуучулары үчүн республикалык Олимпиада! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (КЫРГЫЗПАТЕНТ) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу ЖОГОРКУ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН “ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА” уюштурууда. Олимпиада 2 баскыч менен өткөрүлүп (регионалдык жана республикалык), ага 15-17 жаштагы жалпы орто мектептин окуучулары жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттери катыша алышат.  1-тур...

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы 2019-жылдын 19-мартында мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын базасында мектеп окуучулары жана студенттер үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Ачык эшиктер күнүн өткөрүүнүн максаты – келечек муундарга интеллектуалдык менчик жөнүндө маалыматтандыруу, жаштардын көңүлүн инновациялык багытта билим алууга буруу, техникалык чыгармачылыкты өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргыз орус-славян университетинин, Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана...

Жаш муундун интеллектуалдык менчикке кызыгуусу күч Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) кызматкерлери “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин окуучуларына класстык саат өткөзүштү. Бул иш-чаранын максаты – өсүп келе жаткан жаш муунду интеллектуалдык менчикке кызыгууларын жогорулатуу жана билимдерин арттыруу, окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат. Кыргызпатент алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун чыгармачылык...

КӨҢҮЛ БУРГУЛА, конкурс! КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ  (КЫРГЫЗПАТЕНТ) МЫКТЫ СОЦИАЛДЫК ПЛАКАТТАРДЫ ЖАсоого конкурс ЖАРЫЯЛАЙТ Конкурс төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: - “Контрафактка жол жок!”; - “Контрафакт: эскертилдиң – демек, куралдандың”; - «Каракчылыкты токтот!»; - “Жасалмадан этият бол”; - “Жаштар өнүккөн бизнес үчүн!”. Технологиянын өнүгүүсү менен интеллектуалдык менчик укуктарын бузуу бир кыйла олуттуу көлөмгө ээ болууда. Азыр чыгармачылыктын кайсы болбосун жемишин...

В рамках Международных Дней интеллектуальной собственности под эгидой ООН, 23 апреля 2019 года в Москве состоится XI Международный Форум «Инновационное развитие через рынок интеллектуальной собственности». Международный Форум проводится на ежегодной основе и неизменно собирает делегации из всех стран ЕАЭС и СНГ. В мероприятиях предыдущих Форумов приняли участие свыше 2500 представителей из 18 стран мира. Внимание к работе Форума  и...

КӨҢҮЛ  БУРУҢУЗДАР!  СЫНАК!  КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  ӨКМӨТҮНӨ  КАРАШТУУ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК  МЕНЧИК  ЖАНА  ИННОВАЦИЯЛАР МАМЛЕКЕТТИК  КЫЗМАТЫ  БАЛДАР ЖАНА ЖАШТАР АРАСЫНДА ЭҢ МЫКТЫ ЭССЕ ЖАЗУУ БОЮНЧА СЫНАК    ЖАРЫЯЛАЙТ     Балдар жана жаштар арасында контрафактылык  продукциялардын  зыяндуулугу жана каракчылыкка терс мамиле түзүү боюнча маалыматты жогорулатуу максатында Эссе- Сынагы өткөрүлөт.  Эссе-Сынак 2019-жылдын 1-мартынан 10-апрелине чейин өтөт. Эссе-Сынак  эки курактык категорияны камтыйт жана эссе чыгармачыл иш түрүндө жазылып, ...

2019-жылдын 20-февралында Эл аралык эне тил күнүнө карата мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы  (Кыргызпатент) интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу тарабынан  жарык көргөн жаш калемгерлердин чыгармаларынын топтому “Саамалык – 14" жана “Жети жаш автордун” китептеринин бет ачар аземи болуп өттү.             Кезектеги “Саамалык” жана “Жети жаш автордун” чыгармаларын  чыгаруунун...

2019-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы патентик-техникалык китепканада мектеп курагындагы балдар үчүн  робототехника ийрими ачылды. Максаты – окуучулардын техникалык чыгармачылыкка кызыгуусун жогорулатуу, техникалык чыгармачылык борборлордун жетекчилеринин санариптик сабаттуулугун арттыруу, кошумча билим берүүчү уюмдардын окутуу процессинде педагогдордун робототехника боюнча билимдерин өркүндөтүү.  Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүсү жана угуусу начарларга жарыяланган адабий чыгармалардын...

  2019-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Ойлоп табуучулар Кеңешинин президиумунун кезектеги отуруму болуп өттү. Кыргызпатенттин алдындагы Ойлоп табуучулар Кеңешинин президиуму жаңыртылган курамда 18 адамга бекитилип, ага республикабыздын бардык аймактарындагы илимдин көрүнүктүү ишмерлери жана профессорлору кирди. Отурумдун күн тартибине ылайык, катышуучулар Интеллектуалдык менчиктин  Бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) “Ойлоп табуучулугу үчүн” номинациясы...

Акысыз робототехника ийрими ачылат   Кыргыз Республикасынын Президентинин «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» жөнүндө Жарлыгына ылайык, 2019-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) патентик-техникалык китепкананын базасында өспүрүмдөр үчүн акысыз робототехника ийримин ачмакчы. Максаты – окуучулардын техникалык чыгармачылыкка кызыгуусун жогорулатуу, техникалык чыгармачылык борборлордун жетекчилеринин санариптик сабаттуулугун арттыруу, кошумча билим берүүчү уюмдардын окутуу...