Ойлоп табуучулар Кеңешинин президиумунун кезектеги отурумунда
2019-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Ойлоп табуучулар Кеңешинин президиумунун кезектеги отуруму болуп өттү. Кыргызпатенттин алдындагы Ойлоп табуучулар Кеңешинин президиуму жаңыртылган курамда 18 адамга бекитилип, ага республикабыздын бардык аймактарындагы илимдин көрүнүктүү ишмерлери жана профессорлору кирди. Отурумдун күн тартибине ылайык, катышуучулар Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) “Ойлоп табуучулугу үчүн” номинациясы...