Көңүл буруңуздар, көңүл буруңуздар! Бардык каалоочуларды ойлоп табуучу балдар Күнүнө чакырабыз!
2020-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Кыргызстанда биринчи жолу ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнүн өткөрөт. Адамзаттын бүтүндөй тарыхында жаш муундардын, өзгөчө балдардын ойлоп табуучулугу дайыма көңүлдү өзүнө буруп келет. Кыргызпатентте эл аралык чөйрөдө ойлоп табуучулуктун талашсыз фактыларын эске алуу менен ойлоп табуучу балдардын Күнүн жыл...