Search:

,;,ll,l;,l;,l,

ЖАРЫЯ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду ойлоп табуучулук, чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүккө өбөлгө түзүү, ошондой эле ойлоп табуучулардын эмгегин таануу максатында төмөнкү сыйлыктарды ыйгарууга талапкерлердин сунуштарын кабыл алат: 1. БДИМУнун (ВОИС) Алтын медалы жана/же сыйлыгы Тагыраак: https://www.wipo.int/ip-outreach/ru/awards/ 2. ЕАПУнун В.И.Блинников атындагы Алтын медалы Тагыраак: https://www.eapo.org/ru/documents/norm/medal_polog_2015.html Талапкерлерди БДИМУнун Алтын медалдын жана/же сыйлыгынын, ошондой...

 “Биздин балалыктын асманы” жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышууга чакырабыз! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун жаштар бирикмеси  Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, балдарды колдоо жылына жана  1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата креативдүү, таланттуу, чыгармачыл жаш сүрөтчүлөрдү “Биздин балалыктын асманы” аталышындагы онлайн көргөзмөгө катышууга чакырат! Иш-чаранын максаты – өлкөбүздөгү жаш...

2020-жылдын февраль айында Бишкек шаарындагы №98 Байланыш жана маалымат технологияларынын кесиптик лицейинде кызматташуу жөнүндөгү Меморандумдун алкагында Кыргызпатенттин алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду менен Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркия башкармалыгынын (ТИКА) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү биргелешип, робототехника ийрим жетекчилери үчүн экинчи ирет “Башталгыч жана жогорку деңгээлде 3Д моделдөө жана 3 Д принтер колдонуу” аталышында окутуу курсун өткөрүштү. Окутуу курсунун...

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Кыргызпатенттин алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Борбордук Азиядагы Америка университетинин инновациялык колледжи менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.          Меморандум кызматташуу жана бирдикте иш алып баруу боюнча төмөндөгү багыттарды камтыйт:          -“Келечек жаратманы” жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча республикалык олимпиаданы колдоо жана өткөрүү;          -интеллектуалдык менчиктин ролу жана мааниси жөнүндө жаштардын маалыматтуулугун жогорулатуу.         ...

Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын базасында илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнүнө арналган илимдеги үч муун аялдардын жолугушуусу болуп өттү. 11-февраль – илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнү бүткүл дүйнө жузүндө белгиленип, 2015-жылы 22-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясы менен бекитилген. Анда дүйнө өлкөлөрүнүн башчыларына, бейөкмөт уюмдарына жана академиялык институттарга аялдардын жана...

Кыргызпатентте жылдын башы жакшы саамалык менен,  Кыргызстанда биринчи жолу ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнүн белгилөө менен башталды. Бул иш-чара 2020-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Кыргызпатенттин алдындагы мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында өткөрүлүп, ага өнөр-шыктуу, ойлоп табуучу балдар чогулду. Адамзаттын бүтүндөй тарыхында жаш муундардын, өзгөчө...

      2020-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Кыргызстанда биринчи жолу ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнүн өткөрөт. Адамзаттын бүтүндөй тарыхында жаш муундардын, өзгөчө балдардын    ойлоп табуучулугу дайыма көңүлдү өзүнө буруп келет. Кыргызпатентте эл аралык чөйрөдө ойлоп табуучулуктун талашсыз фактыларын эске алуу менен ойлоп табуучу балдардын Күнүн жыл...

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жаштардын чыгармачылыгынын өсүп-өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү максатында жаш авторлор арасында конкурс өткөзөт. Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары: - чыгармалар кыргыз, орус тилдеринде кабыл алынат; - конкурска эч жерде жарык көрбөгөн чыгармалар гана катыштырылат; - чыгармалар компьютерде 14-шрифт, саптардын аралыгы – 1 интервал, Times New Roman арибинде терилип, 250 беттен ашпоого...

2019-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) кезектеги ойлоп табуучулардын Кеңешинин Президумунун XIII отуруму болуп өттү. Кыргызпатенттин алдындагы ойлоп табуучулардын кеңеши ойлоп табуучулардын жана рационализаторлордун укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүү максатында түзүлгөн жолугушуучу орган болуп эсептелет. Кеңештин курамында 17 киши бар, аны республикабыздын бардык аймагындагы көрүнүктүү илимдин ишмерлери жана профессорлору камтыйт. Отурумдун...