Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (БДИМУ) Алтын медалын жана/же сыйлыгын, ошондой эле ЕАПУнун В.И.Блинников атындагы Алтын медалын ыйгарууга сунуштарды кабыл алуу жөнүндө жарыя!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду ойлоп табуучулук, чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүккө өбөлгө түзүү, ошондой эле ойлоп табуучулардын эмгегин таануу максатында төмөнкү сыйлыктарды ыйгарууга талапкерлердин сунуштарын кабыл алат: БДИМУнун (ВОИС) Алтын медалы жана/же сыйлыгы Тагыраак: http://www.wipo.int/ip-outreach/ru/awards/ ЕАПУнун В.И.Блинников атындагы Алтын медалы Тагыраак: http://www.eapo.org/ru/documents/norm/polog_medal_txt.html Талапкерлерди БДИМУнун Алтын медалдын жана/же...