В.И. Блинников атындагы ЕАПО Алтын медалын ыйгарууга талапкерлерди көрсөтүү үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жарыя

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду ойлоп табуучулук, чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүккө өбөлгө түзүү, ошондой эле ойлоп табуучулардын эмгегин таануу максатында төмөнкү сыйлыкты ыйгарууга талапкерлердин сунуштарын кабыл алат:

ЕАПУнун В.И.Блинников атындагы Алтын медалы

Талапкерлерди ЕАПУнун В.И.Блинников атындагы Алтын медалдын талапкерлигине көрсөтүү укугу Кыргыз Республикасынын министрликтерине, ведомстволоруна, илимий жана илим-изилдөө мекемелерине, илимий-техникалык коомдоруна жана коомдук уюмдарына берилет (мындан ары – Уюмдарга).

Уюмдар сыйлыктардын талапкерлигине бир Талапкерди гана көрсөтүү укугуна ээ.

Талапкерлерди көрсөткөн уюмдардын жетекчисинин колу, мөөрү, күбөлөндүргөн бланкка номинацияны көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана анын электрондук түрүн сунуштайт. Сунушка Окумуштуулар Кеңешинин протоколунун же жалпы эмгек жамаатынын жыйынынын көчүрмөсү тиркелет.

Коллегиянын 2019-жылдын 17-майында № 22 токтому менен бекитилген Сыйлыктарды ыйгарууга талапкерлерди көрсөтүү тартибинин 10, 15 жана 16-пункттарына ылайык Ойлоп табуучулар Кеңешинин Президиумунун отурумунда сунуштар 2 (экиден) кем эмес учурда гана каралат.

Сунуштар, документтер төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:

720020, Бишкек шаары,  А. Малдыбаев көчөсү, 34Б

Сурап билүү телефону: 0312 540654, +996555 795 918 Жетигенова Айгерим Жетигеновна, e-mail:  a.zhetigenova@ilim.gov.kg