Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген ойлоп табуучу” ардак наамын ыйгарууга талапкерлерди көрсөтүү үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жарыя

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” Ардактуу наамын ыйгарууга сунуштарды кабыл алуу жөнүндө жарыя

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жарандардын ойлоп табуучулук ишмердүүлүгүнө жана өлкөбүздүн интеллектуалдык потенциалынын өнүгүүсүнө кошкон салымын таануу, ошондой эле сыйлоо максатында “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” Ардактуу наамын ыйгаруу үчүн талапкерлердин сунуштарын кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына сунуштоо тартиби “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө” Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү Жобосуна ылайык жүргүзүлөт.

Ардактуу наамды алууга талапкерлигине көрсөтүү укугу Кыргыз Республикасынын министрликтерине, ведомстволоруна, илимий жана илим-изилдөө мекемелерине, илимий-техникалык коомдоруна жана коомдук уюмдарына берилет (мындан ары – Уюмдарга).

Уюмдар сыйлыктардын талапкерлигине бир Талапкерди гана көрсөтүү укугуна ээ.

Талапкерлерди көрсөткөн уюмдардын жетекчисинин колу, мөөрү, күбөлөндүргөн бланкка номинацияны көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана анын электрондук түрүн сунуштайт. Сунушка Окумуштуулар Кеңешинин протоколунун же жалпы эмгек жамаатынын жыйынынын көчүрмөсү тиркелет.

Мамлекеттик сыйлыкка сунушталып жаткан ар бир талапкерге бекитилген үлгүдөгү (№1форма) сыйлык баракчасы, иштеген жеринен талапкерди талкуулоо протоколунун көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндө эки сүрөт, алган сыйлыктардын, патенттердин жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүп жөнөтүлүшү керек.

Коллегиясынын 2019-жылдын 25-сентябрында №35 токтому менен бекитилген “Кыргыз Респубдикасынын эмгек синирген ойлоп табуучусу” деген ардактуу наамга” талапкерлерди көрсөтүү тартибинин 4, 25 жана 26-пункттарына ылайык:

Ардактуу наамды алууга сунушталган материалдарды кароо жана баалоо Кыргызпатенттин алдындагы Ойлоп табуучулар кеңешинин Президиуму тарабынан жүзөгө ашырылат. Кыргызпатент тиешелүү сунуштоону Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгына жөнөтөт. Ойлоп табуучулар кеңешинин Президиумунун мүчөлөрү ардак наамга талаптанууга укуксуз.

Кененирээк: https://fund.patent.kg/?page_id=1117

Документтер төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: 720020 Бишкек шаары, А. Малдыбаев көчөсү, 34Б.

Сурап билүү телефону: 0312 540654, +996555 795 918 Жетигенова Айгерим Жетигеновна, e-mail:  a.zhetigenova@ilim.gov.kg