
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги
“Илимдеги, ойлоп табуучулуктагы жана инновациядагы аялдардын образы” сыйлыгы интеллектуалдык менчиктин жаратуучуларына илимий жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү өзгөчө эмгеги сиңген жана эң жогорку жетишкендиктерин баалоо боюнча ыйгарылат.
Конкурска кыз-келиндер командасы жана окумуштуу аялдар, ойлоп табуучулар, рационализаторлор, докторанттар, аспиранттар, илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлери, окутуучулар, ЖОЖдордун студенттери, 16 жашка толгон жогорку класстын окуучулары катыша алышат.
Номинациялары:
- 1) “Окумуштуу аял”
- 2) “Ойлоп табуучу аял”
- 3) “Новатор аял”
- 4) “Илимдеги аялдар командасы”
- 5) “Илимдеги кыз”.
Конкурстун жеңүүчүлөрү төмөнкү багыттар боюнча аныкталат:
Табигый илимдер (физика, химия, биология ж.б.); техникалык илимдер (маалыматтык технологиялар, робототехника, автоматташтыруу ж.б.); гуманитардык илимдер (философия, тарых, психология ж.б.).
Конкурска катышуу үчүн кагаз жана электрондук түрдө өтүнмөнү, материалдарды жана сүрөттү gosfond.patent@patent.kg, a.sulaymanova@patent.kg электрондук даректерине, ошондой эле 720021, Бишкек ш., Москва көчөcү 62, ИМ Мамлекеттик фондго жөнөтүү керек.
Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү ушул жылдын 25-августка чейин уланат.
Толук маалымат алуу үчүн тел.: (0312) 68-04-71; 0555 421 421
Кошумча маалыматтар Кыргызпатенттин жана ИМ Мамфонддун расмий сайттарына https://patent.gov.kg http://fund.patent.kg жарыяланган.