ЖАШ КАЛЕМГЕРЛЕР, КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! “СААМАЛЫК” АДАБИЙ КОНКУРСУ!

Урматтуу авторлор! Кыргызпатент Сиздер үчүн кайрадан “Саамалык” республикалык адабий конкурсун жарыялайт! Жеңүүчүлөрдүн чыгармалары “Саамалык – 18” адабий жыйнагына камтылып, ар бир авторго китеп берилет.

Конкурстун шарттары:

Мамлекеттик же расмий тилдеринде эч жерде жарык көрбөгөн поэзия жана проза номинациялары боюнча чыгармалар кабыл алынат;
Авторлордун курагы 30 жаштан ашпоого тийиш;
Кыскача өмүр баяны, JPG форматтагы сүрөтү, паспорту, учурда иштеген (окуган) жери жана дареги;
Өтүнмөнү Жобонун №1 тиркемесине ылайык толтуруп, материалдарды d.akun@patent.kg электрондук почтасына жөнөтүү керек.

Толук маалыматты http://fund.patent.kg/ сайтынан табууга болот.

Байланыш телефондор: (0312) 68-04-71, 0700 84-83-29