Үстүбуздөгү жылдын 14-октябрынан 23-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536 “40 район – 40” китеп” адабий конкурсу жөнүндөгү тескемесин аткаруу максатында республикадагы 7 облус боюнча онлайн режиминде маалыматтык иш-чара өткөрдү.

Аталган маалыматтык онлайн иш-чарага КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаардык мэриялардын жооптуу кызматкерлери, китепканачылар, маданият өкүлдөрү, авторлор катышты.

– Биринчи күнү, тагыраак айтканда, 14-октябрда Баткен облусу боюнча, жалпысынан 40ка жакын киши;

– 15-октябрда Жалал-Абад облусу боюнча 70тен ашык киши;

– 16-октябрда Нарын облусу боюнча 90го жакын киши;

– 17-октябрда Ош облусу боюнча 50гө жакын киши;

– 18-октябрда Талас облусу боюнча 70тен ашык киши;

– 21-октябрда Ысык-Көл облусу боюнча 50дөн ашык киши;

-22-октябрда Чүй облусу боюнча 60тан ашык киши катышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун кызматкерлери тарабынан “40 район – 40 китеп” адабий конкурсу тууралуу кеңири маалыматтар берилди жана катышуучулар өз суроолоруна толук кандуу түшүндүрмө ала алышты.

Ошондой эле 29-ноябрда Кыргызпатент уюштуруп жаткан аялдар форуму боюнча да кызыктуу маалыматтар айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында суроо-жооптор жана кызыктуу талкуулар менен коштолуп турду.

Катышуучулар пайдалуу маалыматтар үчүн Кыргызпатенттин кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдирүү менен пайдалуу маалыматка ээ болушканын баса белгилешти.

Slide
Slide
previous arrow
next arrow