Баткен жана Лейлек райондоруна эки IT – технологиялар ийримдери ачылды.
Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун 2024-жылдын иш-чаралар планына ылайык “Республиканын аймактарында балдардын техникалык чыгармачылык ийримдеринин тармагын өнүктүрүү” пунктун аткарууга боюнча мамфондунун директордун орун басары Т. Муктаров жана Кыргыз-Герман фонду (GIZтин) кесиптик билим берүү боюнча кеңешчи, координатору Адилет Хамракулов менен биргеликте 2024-жылдын 23-декабрынан 26-декабрына чейин Баткен жана Лейлек райондоруна эки IT – технологиялар ийримдерин ачууга салтанаттуу иш -чара өткөрүп келишти. Ийримдерди ачуунун максаты-жаштардын ойлоп табуучулук жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүү болуп саналат.
Биринчи ийрим Баткен облусунун, Баткен шаарында А. Сайдиакматова жетектеген №57 Кесиптик лицейде ачылды, аларга 15 даана IT- технологиялар жабдуулары тапшырылды. Бул техникалык ийримде жаштар,айрыкча мектепте окууган кыздар, акысыз негизде компьютерди колдонуу, IT ийриминде кыздар веб-сайттарды кантип түзүүнү, графикалык редакторлор менен иштөөнү, 3D объектилерин моделдөө жана программаларды үйрөнүшөт. Бардык билимди дароо иш жүзүндө колдонууга болот. Өз алдынча долбоорлорду түзүүнүн жүрүшүндө жаштар командада иштөө көндүмдөрүнө ээ болушат, пландаштырууну жана максаттарга жетүүнү үйрөнүшөт.
Экинчи ийрим Ак-Арык айылында жайгашкан жана иштеп жаткан №31 кесиптик лицейде ачылды, IT жабдууларды лицейдин директордун орун басары А. Султановага өткөрүп берди жана ал жерде да, жаштарды,айрыкча кыздарга акысыз негизде компьютерде иштөө, программаларды жазуу ж.б. багыттарда окутуу иш-чараларын өткөрүүгө арналган. Бул иш-чаралар Кыргыз-Герман фонду жана Кыргызпатенттин демилгеси менен уюштурулуп өткөрүлдү. Жаңы ачылгын ийримге 5 даана ноутбук жана жабдыктар тапшырылды. Ак- Арык айылы Баткен облусунун Лейлек районун, Кулунду айыл аймагында жайгашкан жана Баткен областынын борборунан райондун борбору Исфана шаарынан 50 км алыстыкта жайгашкан. Чыгыш тарабынан Кыргызстандын Баткен облусунун Жаңы-Жер жана Бешкент аймактары, түштүгүнөн Баткен облусунун Сүлүктү-Исфана шаары, түндүк-батышынан Тажикстандын Согди облусунун Бобожан Гафуров, Жаббор Расулов райондору менен чектешет.
Курамына 6 айыл кирет: Кулунду (облустун борбору), Ак-Арык, Булак-Башы, Раззаков, Интернационал, Максат. Лейлек районунда.









