2025-жылдын 10-апрелинде Кыргызпатент Тагай Ташматов атындагы №7 орто мектеп окутуучулары менен биргеликте Ош облусунун Өзгөн райондорунда STEM-билим берүү багыты боюнча “Инновацияларга карай жол” аттуу семинар өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты – жаштарды илимий-ойлоп табуучулук жана инновациялык ишке тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, региондордун билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана окуучулары үчүн окутуу методикаларын колдонууга кызыгууну ойготуу болуп саналат.

Кыргызпатент тарабынан уюштурулуп, Б Сыдыков атындагы Кыргыз – Өзбек Эл аралык Университетинин Физика – математика илимдеринин кандидаты, профессор Жээнтаева Жумагүл Кенешовна, КӨЭАУнун профессору Өмурбекова Гулзат Кочкорбаевна, КРнын УИАнын мүчө- корреспонденти. Техника илимдеринин кандидаты, профессор Калдыбаев Нурлан Арзымаматович өз докладдары менен сүйлөштү.

Катышуучулар санариптик сабаттуулук боюнча кенири маалыматтарга ээ болушту.

Семинар өз максатына жетип, мугалимдерге сертификаттар берилди.