Кыргыз мамлекеттик С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу көргөзмө өттү.
Бүгүн, 24-апрелде КР Президентинин жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” улуттук уңгужол доктринасынын алкагында Кыргыз мамлекеттик С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында көргөзмө өттү. Көргөзмөгө Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун кызматкерлери да катышып, мекеме тарабынан жарык көргөн китептердин көргөзмөсүн уюштурду.
Иш-чаранын максаты – жаштар арасында жарандык патриотизмди, улуттук рухту бекемдөөгө жана улуттук баалуулуктарга болгон сый мамилени калыптандырууга өбөлгө боло турган Уңгужолду активдүү жайылтуу болуп эсептелет.
Көргөзмөнү Кыргыз мамлекеттик С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын директору Ж. Тольбашиева ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т. Масабиров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын салттуу маданият жана илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Р. Аманова, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук-изилдөө институтунун бөлүм башчысы А. Алтыбаева, окуу жайдын окутуучулары, студенттери, ошондой эле Мамфонддун жана Инновациялык борбордун кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Мамфонддун бөлүм башчысы Д. Түлөбердиева катышуучулардын, сүрөтчүлөрдүн Кыргызпатенттин конкурстарына, альбом-каталогдорду чыгаруу боюнча кызыккан суроолоруна жооп берди.





