2025-жылдын 24-апрелинде БУУнун колдоосу менен өтүп жаткан Эл аралык интеллектуалдык менчик күндөрүнүн алкагында XVI «Интеллектуалдык менчик рыногу аркылуу инновациялык өнүгүү» аттуу Эл аралык форум өттү.
Бул форум 2009-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп, инновациялар, илим жана укук жаатындагы эксперттер үчүн ачык диалог аянтчасы болуп кызмат кылып келет.
Сессия тажрыйба алмашуу, кесиптик байланыштарды түзүү жана биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү платформага айланды. Бул демилгелер билимге жана технологияга негизделген туруктуу экономиканы түзүүгө багытталган.
Сессиянын ачылышында Кыргызпатенттин директорунун орун басары Исмаилбеков Улан Болотбекович сөз сүйлөп, инновациялык ишмердүүлүктү колдоо жана анын туруктуу өнүгүшү үчүн шарт түзүү маанилүү экенин белгиледи.
Пленардык жыйында видеоконференция форматында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина куруу, автоматика жана геомеханика институтунун лаборатория башчысы, техникалык илимдердин доктору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Оморов Роман Оморович сөз сүйлөдү.
Өзүнүн “Кыргыз Республикасында ак ниетсиз атаандаштыкка каршы укуктук коргоо” деген темадагы баяндамасында ал бул жааттагы укуктук жөнгө салуу механизмдерин, учурдагы тоскоолдуктарды жана улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды кеңири талдап берди.
Баяндаманын жүрүшүндө ишкерлерди коргоонун жана ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында илим, бизнес жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.
Форумдун сессиясында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин атынан Султан Жоробекович Жусупбеков чыгып, мекеменин санариптештирүү жана эл аралык кызматташтык жаатындагы негизги артыкчылыктары тууралуу айтып берди.





