“Курак” долбоору жыйынтыкталды
2024-жылдын 19-апрелинде GIZ кеңсесинде «Курак – Креативдүү индустриялардагы аялдар менен кыздарды колдоо» долбоорунун бет ачары болуп өткөн. Долбоордун бет ачарына фонддорду, бирикмелерди, кол өнөрчүлөрдү, сүрөтчүлөрдү чакыруу жана уюштуру иштери боюнча Мамлекеттик фондунун кызматкерлери жоопкерчиликти алышкан.
Чыгармачылык-креативдик өнүгүүдө аялдарды колдоо, алардын жеке бизнестерин түзүүгө жардам берүү, дареметин жогорулатуу, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуу максатында Германия эл аралык кызматташтык коому GIZ жана Кыргызпатент биргеликте жаңы долбоорду сунуштаган.
Долбоор боюнча Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун кол-өнөрчүлөрүнө, дегеле талантуу жана креативдүү ишкерлер, мугалимдер жана жаштарга тренингдер өткөрүлдү.
Долбоор 2025-жылы 29-апрелинде долбоор аяктап, жеңүүчүлөргө иштерин алып кетүүгө баалуу сыйлыктар 2025-жылдын 14 майда тапшырылды.
Маалымат үчүн: Катышуучулар ар түрдүү тармактардардан келген: кино, кол өнөрчүлөр, мектеп окучуулар, сүрөтчүлөр, дизайнерлер ж.б.





