2025-жылдын 22-сентябрында «40 райондон 40 демилге» долбоорунун алдын ала тандалган 30 катышуучусу үчүн акселерациялык программа старт алды.

Акселерацияны жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан “Alfa Leader”тренинг-консалтинг компаниясынын кесипкөй командасы тартылган.

Трекерлер Жылдыз Шекекова, Назгүл Шекекова жана Джумабаева Жыпар киришүү семинар/нетворкинг өткөрүштү жана катышуучулар үчүн окутуу планын беришти.

Акселерациялык программа долбоордун өндүрүштүк планын жана финансылык моделин түзүү, тобокелдиктерди аныктоо, азайтуу боюнча талдоо жана чаралар, ошондой эле долбоордун бизнес планын түзүу жана бизнес идеяларды интенсивдүү өнүктүрүүнү болжолдойт.

Программанын негизги параметрлери: узактыгы – 6 жума, тренингдердин саны – 10, ар бир сессиянын узактыгы – 2 саат, тренингдердин жалпы узактыгы -20 саат. Интенсивдүү тренингдер жумасына 3 жолу өткөрүлөт. Трекерлер менен жеке коучинг жолугушуулар – 2  жолу (40 мүнөттөн). Коучингдик сессиялардын узактыгы – 60 саат(30 долбоор боюнча 1,5-2 саат)

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow