2025-жылы 29-сентябрында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министирлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондуну тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы 2023-жылдын «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүсүнүн инновациялык демилгесинин ишке ашуусу боюнча көчмө мониторинги жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, Министирлик тарабынан “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүсү “HIVA” түзүлүшү (голограмма эффектиси бар аппаратты жана кызматтар боюнча консультация берүү процессин автоматташтырган үн менен жардам берүү системасын иштеп чыгуу) долбоорунун автору Гумеров Радмир Радикович Министирлик тарабынан берилген каражатка эки компьютер сатылып алынды, алар маалыматтарды иштетүү, сактоо, башкаруу жана AI моделин окутуу үчүн сервер катары колдонулат. Көрсөтүлгөн жабдуулар чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө жана AI моделин окутуу үчүн зарыл болгон техникалык талаптарга толугу менен жооп берет.

Жеңүүчү бүгүнкү күндө долбоордун бет ачаарын өткөрүп, Кыргыз тили боюнча тесттик маалыматтарынын иштешин көргөзүп, “HIVA” түзүлүшү тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.
Иш-чарага Министирликтин алдындагы Мамлекеттик фондунун Ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн башчысы А. Жетигенова, Министирликке караштуу Түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы Б. Ибрагимов жана жетектөөчү адиси Д. Жумаева ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Токтосунов катышышты. Катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшушту.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow