2025-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Чүй облусунун Маевка айылында жайгашкан “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүсү Бакирова Жанаркан Токоновнанын «Бай Дыйкан» биолабораториясын модернизациялоо боюнча инновациялык демилгесине көчмө мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө долбоордун алкагында 1 000 000 сом өлчөмүндө берилген каражатка энтомофагдарды өндүрүү цех курулгандыгы көрсөтүлдү. Жеңүүчү 2025-жылдын февраль айынан баштап, ситотрогаларды лабораториялык шартта өндүрүү башталарын маалымдады.

Ошондой эле долбоордун бет ачары уюштурулуп, анда химиялык уулуу пестициддердин ордуна энтомофагдарды колдонуу аркылуу айыл чарбасында органикалык жана экологиялык таза продукцияны өндүрүү максаттары кеңири чагылдырылды.

Иш-чарага министрликтин алдындагы Мамлекеттик фондунун директору орун басары Ж. Абдылдабеков, ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери ошондой эле “№207 Муниципалдык аймактык башкармалык” муниципалдык мекемесинин башкы адиси М.Төлөгөнова катышышты. Жыйынтыгында катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшту.

Маалымат үчүн:
Энтомофагдар – зыянкеч курт-кумурскалар менен азыктануучу пайдалуу организмдер. Алар жаратылышта кеңири таралган жана зыянкечтердин ар кандай өрчүү этабында таасир этет. Лабораториялык шартта көбөйтүлгөн энтомофагдар — экологиялык зыян келтирбеген, экономикалык жактан үнөмдүү жана кең спектрдүү коргоо каражаты болуп саналат.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow