“40 район – 40 китеп” адабий конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн китептеринин бет ачары
Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун аткаруунун алкагында “40 район – 40 китеп” адабий конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн китептеринин бет ачарын өткөрдү.
Иш-чаранын максаты – аймактардагы таланттарды аныктоо жана алардын чыгармачылык иштерин колдоо, китептерин чыгарып берүү жана коомчулукка тааныштыруу, жайылтуу, калемгерлердин чыгармачылыгына өбөлгө түзүү, дегеле кыргыз адабиятына кошкон салымдарын чыңдоо болуп саналат.
Китептердин бет ачар аземин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары К. Садыков куттуктоо сөзү менен ачып: “Чыгармачыл инсандарга, айрыкча аймактардагы авторлорго чыгармачылык жактан колдоо көрсөтүү максатында мекеме адабий конкурстарды мындан ары да уланта бермекчи” деп авторлорго чыгармачылык ийгилик, жаңы табылгаларды каалады.
Аталган иш-чарага белгилүү акын-жазуучулар, авторлор, маданият ишмерлери, китеп күйөрмандары жана башка чыгармачыл инсандар катышты.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536 тескемесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду “40 район – 40” китеп” адабий конкурсун өткөргөн.
Конкурска катышуу үчүн жалпысынан 67 кайрылуу келип түшүп, анын ичинен Калыстар тобунун чечими менен төмөндөгү 6 автор жеңүүчү деп табылган:
“Проза” номинациясы боюнча
– Жолдошбай Осмонов – “Канышанын ую”;
– Бектемир Багышкулов – “Көз ирмем”;
– Мусакун Сатыбалдиев – “Сыр дүйнө”
“Поэзия” номинациясы боюнча
-Абдилаат Дооров – “Жийде бурак”;
-Тайир Аширбаев – “Балалуу байчечекей”;
“Маданият жана искусство боюнча адабияттар” номинациясы боюнча
-Нурбек Жолбунов – “Жан дүйнөм менин ырдаганда”.













