Бүгүн, 2025-жылдын 26-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Бишкек шаарындагы Төлөгөн Касымбеков атындагы Борборлоштурулган китепкананын базасында кезектеги 26-Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборун (ТИКБ) ачты.

ТИКБнын негизги максаты – ойлоп табуучуларга, стартаптарга жана жарандарга интеллектуалдык менчик жаатында маалыматтык, методикалык жана кеңеш берүү колдоо көрсөтүү болуп саналат. Борбор элге акысыз кызмат көрсөтөт жана маалымат базаларына жеткиликтүүлүктү камсыздайт.
Иш-чаранын алкагында Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду менен борбордук китепкананын ортосунда кызматташтык жөнүндө расмий макулдашууга кол коюлду. Бул келишим мындан ары биргелешкен иштерди жана ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Ошондой эле иш-чарада мамлекеттик фондуннун адистери тарабынан “40 райондон 40 демилге” долбоору тууралуу маалымат берилип, интеллектуалдык менчикти коргоо, патенттөө жана товардык белгилерди каттоо темалары боюнча окутуу-семинары өткөрүлдү.

Окутуу семинардын алкагында катышуучулар интеллектуалдык менчик объектилеринин негизги түшүнүктөрү боюнча, патенттик маалыматты издөөнүн принциптери жана ыкмалары жөнүндө, патентке өтүнмөлөрдү түзүү тартиби жөнүндө, интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо тартиби, маалымат базалары жөнүндө, өнөр жай менчигинин объектилерине экспертиза жүргүзүү этаптары боюнча, ошондой эле патенттерди эл аралык каттоого көмөктөшүүчү эл аралык келишимдер жана автордук укук объектилерин каттоо, өтүнмө берүүнүн эрежелери менен тааныштырышты жана көптөгөн суроолорго жооп беришти..
Окутуу-семинардын жыйынтыгында, ТИКБнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана адистердин компетенциясын жогорулатуу максатында окутуу курстары жана семинарларды үзгүлтүксүз уюштуруу сунушталды.

Маалымат үчүн: Бишкек шаарындагы Төлөгөн Касымбеков атындагы Борборлоштурулган китепкана – шаардагы эң ири маданий жана билим берүү мекемелеринин бири болуп саналат. Анын курамында учурда жалпысы 39 китепкана иштеп жатат. Бул китепканалар шаар боюнча кеңири жайгашып, ар кандай курактагы жана кызыгуусу ар түрдүү окурмандарга кызмат көрсөтөт.
2026-жылы борбордук китепканада иштеген кызматкерлер үчүн атайын окуу-семинар өткөрүү пландалууда. Бул семинар Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду менен биргеликте уюштурулуп, кызматкерлерге интеллектуалдык менчик, ойлоп табуучулук ишмердүүлүк, патенттөө, автордук укуктар жана товардык белгилерди каттоо боюнча практикалык жана теориялык билимдер берилет.

Семинардын негизги максаты – кызматкерлердин кесиптик потенциалын жогорулатуу жана аларды технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) ишмердүүлүгүнө активдүү тартуу болуп эсептелет.
Окуу жыйынтыгы менен кызматкерлерге атайын сертификаттар тапшырылып, алар алган билимди күнүмдүк ишинде колдонуп, жергиликтүү жарандарга кеңеш берүү кызматын аткара алышат.
Бул демилге шаардагы бардык китепканаларда интеллектуалдык менчикке болгон түшүнүктү кеңейтүү жана калкка маалымат жеткирүүдө маанилүү кадам болуп эсептелет.

Slide
Slide
previous arrow
next arrow