2025-жылдын 28-ноябрында, “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында республика аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди жана стартаптарды жыйынтыктоочу тандоо иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарада акселерациялык программадан ийгиликтүү өткөн 20 катышуучу өз долбоорлорунун бет ачарын жасашты. Алардын иштеп чыккан демилгелери министрликтердин, ведомстволордун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлгөн Ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралып, бааланды.
Ведомстволор аралык комиссия тарабынан 4 инновациялык демилге жана 4 стартап тандалып алынды:

Инновациялык демилгелер:
1. Асанбаев И. И., “Инклюзивдүү Технология”;
2. Акматов Б. Ж., “ЭФИ” жылуулук генераторун жасап чыгаруучу чакан ишкана уюштуруу;
3. Вдовкина А. И., “Мээримдүү эненин жолу”;
4. Улан Канат уулу, “AiDos. Санарип платформа”.

Стартаптар:
1. Торомаматов О. А., “Сидбол топчолорун даярдоонун жана таратуунун автоматташтырылган системасы”;
2. Самиева Г. З., “АФК борбору”;
3. Айдарали уулу Эрнист, “Гидропоника”;
4. Саматова Г. Ч., “Жүндү жана терини кайра иштетүү аркылуу кыргыздын улуттук буюмдарын жасоо жана эл арасына жайылтуу жана жаштарга үйрөтүү”.

Slide
Slide
previous arrow
next arrow