17-январь – Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү

17-январь – дүйнө жүзүндө чыгармачыл ой жүгүртүүгө, илимий изденүүгө жана инновацияга умтулган жаш муунду даңазалаган өзгөчө маанилүү күн. Бул күн балдардын табигый кызыгуусун, креативдүү ой жүгүртүүсүн жана жаңы идеяларды жаратууга болгон жөндөмүн колдоого, ошондой эле ойлоп табуучулукка шыктандырууга багытталган. Азыркы доордо илим менен технологиянын ыкчам өнүгүшү жаш муундун интеллектуалдык потенциалына өзгөчө көнүл бурулууда. Дал ушул балдар жана өспүрүмдөр келечектеги илимпоздор, инженерлер, ойлоп табуучулар жана инновациялык лидерлер болуп калыптанат. Алардын жаш курактан тарта изденүүгө, эксперимент жүргүзүүгө жана өз идеяларын ишке ашырууга умтулуусу коомдун туруктуу өнүгүшүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. Бул күн балдардын ар бир идеясы баалуу экенин, ар бир ой табылга келечектеги чоң жетишкендиктердин башаты болушу мүмкүн экенин эске салат.

Жаш ойлоп табуучуларды колдоо, аларга ишеним артуу жана шарт түзүү — бул келечекке инвестиция салуу менен барабар. Анткени бүгүнкү изденген бала — эртеңки өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон ойлоп табуучу.

Ушул багытта Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду балдар жана жаштар арасында ойлоп табуучулукка кызыгууну арттыруу, интеллектуалдык менчиктин маанисин кеңири түшүндүрүү, чыгармачыл демилгелерди колдоо максатында ар кандай маалыматтык, агартуу жана конкурстук иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштурууда. Бул иш-аракеттер жаш муундун ойлоп табуучулук маданиятын калыптандырууга жана алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында, айрыкча Ош жана Ысык-Көл облустарындагы балдар чыгармачылык борборлору ойлоп табуучу балдарды даярдоодо жогорку деңгээлде иш алып барышууда. Бул борборлордо балдардын чыгармачыл жөндөмдөрүн ачууга, техникалык жана инженердик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, заман талабына жооп берген окуу-тарбиялык ишмердүүлүк жүргүзүүдө.

Аталган эл аралык маанилүү күнгө карата Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен Өзгөн районуна караштуу Балдар чыгармачылык борбору жана Ноокат Балдар чыгармачылык борборунун Чоң-Алай, Жалал-Абад шаарынын «Ариет» балдар чыгармачылык борборунун ийримдеринин катышуусунда мазмундуу, таасирдүү жана жогорку деңгээлдеги иш-чаралар уюштурулду. Иш-чаралардын алкагында билим берүү мекемелеринде ар түрдүү форматтагы ачык сабактар, мастер-класстар, усулдук-практикалык иштер өткөрүлүп, окуучулардын чыгармачыл потенциалын ачууга жана ойлоп табуучулук жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошол эле учурда Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду өлкө боюнча иш алып барган бардык балдар чыгармачылык борборлорунун жамааттарына терең ыраазычылыгын билдирет. Алардын балдардын интеллектуалдык, чыгармачылык жана инновациялык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы өтө чоң жана баа жеткис.

Фонд өзгөчө ыраазычылыгын төмөнкү инсандык жана кесиптик сапаттары менен айырмаланган жетекчи жана мугалимдерге билдирет:

  • Исакова Батма – ОБЧБнын массалык уюштуруу бөлүмүнүн башчысы
  • Калдыбаев Нурланбек Арзымаматович – профессор, илимий доктору
  • Садикова Мухайе – Ош облусунун, Араван районундагы Балдар чыгармачылык борборунун мугалими
  • Матишев Исражидин – Ноокат районунун Балдардын чыгармачылык борборунун ийрим мугалими
  • Аманкулова Жыпар – Ариет Балдар чыгармачылык борборунун мугалими
  • Толонова Максаткан – Өзгөн райондук Балдар чыгармачылык борборунун мугалими
  • Таджиков Кубаныч – Кара-Суу райондук балдар чыгармачылык борборунун “Радиотехника” ийриминин жетекчиси
  • Жусупали кызы Чолпонай – Ноокат билимканасынын жана Ноокат райондук БЧБнын робототехника ийриминин мугалими
  • Жунусалиев Галмамат Абсаматович – Дыйкан орто мектебинин мугалими

Ошондой эле фонд балдардын чыгармачылык борборлорундагы башка бардык ийрим жетекчилерди жана мугалимдерди да жамааттардын түйшүктүү, бирок өтө жоопкерчиликтүү эмгеги үчүн жогору баалайт.

Жаш ойлоп табуучуларды тарбиялоодо талыкпай эмгектенип жаткан чыгармачыл борборлорго мындан аркы иштеринде зор ийгиликтерди, жаңы идеяларды, жаркын демилгелерди жана эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктерди каалайт. Балдардын ар бир ойлоп тапкан табылгасы өлкөнүн интеллектуалдык байлыгы болуп, Кыргызстандын келечегин жаркын кылууга салым кошо берсин.

Slide
Slide
previous arrow
next arrow