Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин
Токтому менен бекитилген
от № 390, 02.07.2025

Жобо

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

  1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун (мындан ары – Мамлекеттик фонд) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
  2. Мамлекеттик фонд Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук уюму болуп саналат.
  3. Мамлекеттик фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
  4. Мамлекеттик фонд мамлекеттик менчикте турган обочолонгон мүлктү ыкчам башкаруу укугуна берилген мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы, казыналык өздүк эсеби бар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү жана штамптары, фирмалык бланктары бар.
  5. Мамлекеттик фонддун толук фирмалык аталышы:
  • мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду” мекемеси;
  • расмий тилде: учреждение “Государственный фонд интеллектуальной собственности при Министерстве науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики”.
  1. Кыскартылган фирмалык аталышы:

– мамлекеттик тилде: “Мамлекеттик фонд” мекемеси; – расмий тилде: учреждение “Государственный фонд”.

  1. Мамлекеттик фонддун юридикалык дареги: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62.

2-глава. Мамлекеттик фонддун максаты

Мамлекеттик фонддун ишинин максаты илимий-техникалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык потенциалын бекемдөө, техникалык жана көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле интеллектуалдык менчик объекттерин түзүү жана колдонуу болуп саналат.

3-глава. Мамлекеттик фонддун милдеттери

Мамлекеттик фонддун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • интеллектуалдык менчик объекттерин түзүү үчүн авторлорго жана ойлоп табуучуларга, маданият жана искусство ишмерлерине колдоо көрсөтүү;
  • интеллектуалдык менчик объекттерин жана инновацияларды түзүү үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик жана инновациялык иш жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттер.

4-глава. Мамлекеттик фонддун функциялары

     8.Мамлекеттик фонддун функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • чыгармалардын авторлоруна        жана патенттердин авторлоруна/ээлерине интеллектуалдык          менчик       объекттерин илгерилетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жана башка жардам берүү;
  • интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү;
  • стартаптарды, инновациялык долбоорлорду аныктоо, тандоо жана илгерилетүү жолу менен жаңы баштаган ишкерлерге дем берүү жана колдоо көрсөтүү;
  • балдарды жана жаштарды илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишке тартуу үчүн иш-чараларды уюштуруу жана

өткөрүү;

  • интеллектуалдык менчик объекттерин түзүү, укуктук коргоо жана пайдалануу жаатында консультациялык жана маалымдамамаалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
  • акысыз жана/же коммерциялык патенттик/патенттик эмес маалыматтык базаларды, техникалык журналдарды пайдалануу менен техникалык маалыматты издөөгө көмөктөшүү, ошондой эле маалыматтык базалардын эл аралык системалары боюнча издөөгө окутуу;
  • студенттердин, жаш окумуштуулардын, окутуучулардын ж.б. стартаптарын жана инновациялык долбоорлорун иштеп чыгууга жана

андан ары илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн бизнесинкубаторлордун ишин уюштуруу;

  • интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы көргөзмөлөрдү, конкурстарды, семинарларды, илимий-теориялык жана практикалык конференцияларды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
  • маалыматтык, ченемдик, илимий, методикалык жана окуу материалдарын басып чыгаруу жана сатуу, ошондой эле Министрликтин борбордук аппаратынын жана анын аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн, ведомстволук уюмдарынын полиграфиялык продукцияга керектөөлөрүн камсыздоо;
  • келишимдик негизде жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;

Мамлекеттик фонддун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ишти жүзөгө ашыруу.

5-глава. Мамлекеттик фонддун укуктары

Мамлекеттик фонд төмөнкүлөргө укуктуу:

  • Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке дем берүү максатында авторлорго, ойлоп табуучуларга, маданият жана искусство ишмерлерине финансылык, уюштуруучулук, маалыматтык-консультациялык колдоо көрсөтүүгө жана башка жардам берүүгө;
  • Мамлекеттик фондго бөлүнгөн финансы каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга контроль жүргүзүүгө;
  • шарттары Мамлекеттик фонддун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар түрдүү гранттарды алуу үчүн конкурстарга катышууга;
  • интеллектуалдык менчик жана инновациялык иш жаатындагы расмий бюллетендерди, журналдарды, маалыматтык материалдарды, методикалык колдонмолорду, ошондой эле башка адабияттарды басып чыгарууга;
  • Кыргыз Республикасында салттуу билимди каттоого жана пайдалануу укугун берүү үчүн өтүнмө берүүгө;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден интеллектуалдык менчикке жана инновацияларга байланыштуу зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
  • Мамлекеттик фонддун негизги милдеттерин ишке ашырууга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө;
  • интеллектуалдык менчик объекттеринин наркын баалоого көмөк көрсөтүү боюнча ишти уюштурууга;
  • Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишти өнүктүрүү жана дем берүү боюнча, ошондой эле Мамлекеттик фонддун башка маселелери боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Министрликке киргизүүгө;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

6-глава. Мамлекеттик фонддун ишин уюштуруу

      9.Мамлекеттик фонддун ишине жетекчиликти Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу аткаруучу директор жүзөгө ашырат.

Мамлекеттик фонддун аткаруучу директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси менен ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.

10.Мамлекеттик фонддун аткаруучу директору министрге түздөн-түз баш ийет жана Мамлекеттик фонддун ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.

11.Мамлекеттик фонддун аткаруучу директору:

  • Мамлекеттик фонддун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Мамлекеттик фондго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
  • Мамлекеттик фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик, коомдук, эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелерде Мамлекеттик фонддун атынан чыгат;
  • ыкчам, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк жана Мамлекеттик фонддун компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча Мамлекеттик фонддун аткаруучу директорунун орун басарынын, башка кызмат адамдарынын

милдеттерин аныктайт;

  • Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамлекеттик фонддун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
  • Мамлекеттик фонддун түзүмүн, штаттык расписаниесин, чыгымдар сметасын бекитүүгө киргизет;
  • өзүнүн компетенциясынын чегинде Мамлекеттик фонддун ишин регламенттөөчү буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, документтерди бекитет;
  • Мамлекеттик фонддун мүлкүн, анын ичинде бекитилген сметага ылайык банктык документтерге биринчи кол коюу укугу менен Мамлекеттик фонддун акча каражаттарын тескейт, бүтүмдөрдү түзөт;
  • Мамлекеттик фонддун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
  • Мамлекеттик фонддун кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

12.Аткаруучу директордун бир орун басары бар, ал министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Аткаруучу директордун орун басары ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамлекеттик фонддун ишин уюштурат.

13.Аткаруучу директор жок учурда анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол коюу укугу менен аткаруучу директордун орун басарына жүктөлөт.

14.Мамлекеттик фонддун иш чөйрөсүндөгү негизги маселелерди чечүү үчүн Мамлекеттик фонддун башкармасы (мындан ары – башкарма) түзүлөт, ал Мамлекеттик фонддун коллегиялык башкаруу органы болуп саналат, анын негизги милдети болуп ойлоп табуучулук, чыгармачылык жана инновациялык ишти жүзөгө ашырууга финансылык жана башка жардамды берүү жөнүндө маселелерди кароо саналат.

15.Башкарманын ишин          регламенттөөчү   жобо жана башкарманын жеке курамы министр тарабынан бекитилет.

16.Мамлекеттик фонддун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • республикалык бюджеттин каражаттары;
  • атайын казыналык эсепте топтолгон каражаттар;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.

17.Мамлекеттик фонддун каражаттары ушул Жободо каралган максаттарда жана милдеттерде пайдаланылат.

  1. Мамлекеттик фонд өзүнүн ишинде Министрликке отчет берет.

7-глава. Мамлекеттик фондду кайра уюштуруу жана жоюу

Кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

8-глава. Корутунду жоболор

    21.Мамлекеттик фонддун иши токтотулган учурда анын мүлкү Министрликке өтөт. Анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.