КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР, “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КИТЕБИ” КОНКУРСУ ЖАРЫЯЛАНТ!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) “Жылдын мыкты китеби” конкурсун өткөрөт.

Конкурстун максаты – басмакана адистеринин кесиптик чеберчилигинин өсүшүн жогорулатуу, мыкты басылмаларды аныктоо, басма ишинин практикасын өркүндөтүү жана республикада жайылтуу, китеп басып чыгаруунун маданиятын арттыруу, китептердин эстетикалык, адеп-ахлактык тарбияга тийгизген пайдалуу таасирин күчөтүү жана өнүктүрүү болуп саналат.

Конкурска 2022-2023-жылдары жарык көргөн китептер катышат.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлери:

  • тематикалык жана таануучулук багыт;
  • актуалдуулук, көркөмдүүлүк  жана оригиналдуулук;
  • чыгармачыл ойдун жаңычылдыгы;
  • полиграфиялык аткаруунун деңгээли;
  • басып чыгаруу стандарттарына шайкеш келиши;
  • окурман коомчулугунун кызыгуусу.

Ошондой эле 4 номинация боюнча жеңүүчүлөрдүн арасынан жылдын окуясына айланган өзгөчө басылма аныкталат.

Конкурстук номинациялар:

  1. “Жылдын прозасы” – ата мекендик авторлордун мыкты романдары, повесттери, аңгемелер жыйнактары, новеллалары, эсселери, ошондой эле оригиналдуу басылмалары жана басма сериялары;
  2. “Жылдын поэзиясы” – ата мекендик авторлордун мыкты поэзиялык жыйнактары, ошондой эле оригиналдуу басылмалары жана басма сериялары;
  3. “XXI кылымдын балдарына” – ата мекендик авторлор тарабынан жазылган балдар үчүн китептер;
  4. “Жылдын мыкты басмасы”.

 

Конкурстук иштер 2023-жылдын 14-июлунан 5-сентябрына чейин кабыл алынат.

Сурап ​​билүү телефону: (0312) 68-04-71