Кыргызпатентте Комуз күнү белгиленди!

Кыргызпатентте, эртеңки 9-сентябрь комуз күнүнө арналган чакан иш-чара болуп өттү.
Мекеменин имаратында улуттук аспаптар боюнча чакан көргөзмө уюштурулуп, чебер уста Мирбек Манапбаев элдик аспаптардын тарыхын баяндады.
Ал эми Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алдындагы Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин солисттери комузда кол ойнотуп, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын Элдик ырдоо бөлүмүнүн студенттери ырларын арнашты.
Б. Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинин театр жана кино факультетинин студенттери «Ч. Айтматовдун ааламы» аттуу театралдаштырылган оюн коюшту.
Комуз күнү быйыл Кыргызстанда бешинчи ирет белгиленүүдө. Бул дата Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылы чыгарган жарлыгынын негизинде, өлкө элинин биримдигин бекемдөөгө, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында белгиленип келет.
Комуз добушу ар бир үйдө жаңырып турсун! Кыргыз жаштары улуттук нарк-насилин улантып, кылымдарга жеткирсин,-деген каалоосун айтты Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева өзүнүн куттуктоо сөзүндө.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow