Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 6-марты № 105

Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин Тоо» газетасынын 2019-жылдын 26-мартындагы N 22 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                                                                                                                      М.Абылгазиев

 

Приложение

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы N 105 токтомуна)

ЖОБО
Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

  1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруунун шарттарын жана тартибин аныктайт.
  2. Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражатынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
  3. Ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу үчүн арналган финансылык каражаттар Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында гана пайдаланылат жана кайтарымсыз негизде берилет.
  4. Финансылык жардамга Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чыгармалардын авторлору, патенттердин авторлору/ээлери болуп саналган ата мекендик юридикалык жактар кайрылууга укуктуу.

2-глава. Ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруунун жана каражаттарды бөлүштүрүүнүн тартиби

  1. Чыгармалардын авторлору, патенттердин авторлору/ээлери финансылык жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондуна (мындан ары — Мамлекеттик фонд) кайрылышат.
  2. Финансылык жардам арыз ээсинин байланыш маалыматтарын (дареги, телефону, электрондук почтасы) көрсөтүү менен Мамлекеттик фондго жазуу жүзүндө берген арызынын негизинде көрсөтүлөт.

1) Авторлордун/патент ээлеринин арызына төмөнкүдөй документтер тиркелет:

— паспорттун көчүрмөсү;

— коргоо документинин көчүрмөсү (колдонуудагы патенти бар болсо);

— тажрыйба үлгүсүн даярдоого чыгымдардын сметасы, алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөрдө);

— ушул Жобонун 12-пунктунун талаптарына ылайык уюмдун (ишкананын) же көз карандысыз эксперттин корутундусу.

2) Чыгармалардын авторлорунун арызына төмөнкүлөр тиркелет:

— паспорттун көчүрмөсү;

— чыгарманын кол жазмасы кагаз жүзүндө жана электрондук сактагычта;

— арыз ээсинин таржымалы;

— ушул Жобонун 13-пунктунун талаптарына ылайык чыгармачылык бирликтердин рецензиялары.

  1. Мамлекеттик фондго келип түшкөн арыздарды карап чыгуу үчүн жумушчу комиссия түзүлөт, ал юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жана Мамлекеттик фонддун кызматкерлеринен, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Жумушчу комиссиянын жеке курамы интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет.

Жумушчу комиссиянын иш кагаздарын Мамлекеттик фонддун кызматкери болгон комиссиянын катчысы жүргүзөт.

Чыгармалардын авторлорунан, патенттердин авторлорунан/ээлеринен арыздар жана документтер келип түшкөндө, аларга келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө шифр ыйгарылат.

Шифрленген документтер уюмдардын (ишканалардын) жана/же көз карандысыз эксперттердин кароосуна корутунду берүү үчүн жиберилет, аны берүү мөөнөтү он беш күндү түзөт.

Жумушчу комиссиянын катчысы туура шифрлөө жана документтерди сактоо, ошондой эле алардагы маалыматтарды ачыкка чыгарбоо үчүн жооптуу болот.

  1. Жумушчу комиссия келип түшкөн арыздарды жана аларга тиркелген документтерди уюмдардын (ишканалардын) жана көз карандысыз эксперттердин корутундуларын эске алуу менен он беш күндүк мөөнөттө карайт жана ушул Жобонун 12 жана 13-пункттарында каралган талаптарга ылайык келишин текшерет.
  2. Жумушчу комиссия арыздарды жана аларга тиркелген документтерди карап чыккандан кийин чыгармалардын авторлоруна, патенттердин авторлоруна/ээлерине финансылык жардам бөлүп берүү жөнүндө документтерди Мамлекеттик фонддун башкармасынын кароосуна киргизет.

Жумушчу комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага жумушчу комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат.

  1. Мамлекеттик фонддун башкармасы жөнүндө жобо интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

Мамлекеттик фонддун башкармасынын иши жыйындар түрүндө жүзөгө ашырылат. Жыйын Мамлекеттик фонддун башкармасынын сандык курамынын жарымынан көбү катышса укуктуу болуп саналат.

Чыгармалардын авторлоруна, патенттердин авторлоруна/ээлерине финансылык каражат бөлүп берүү жөнүндө чечим беш күндүк мөөнөттө, Мамлекеттик фонддун башкармасынын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Мамлекеттик фонддун башкармасынын жыйынынан чечими жана протоколу Мамлекеттик фонддун башкармасынын жыйыны өткөндөн кийин 3 жумуш күндүн ичинде катчы тарабынан даярдалат.

Мамлекеттик фонддун башкармасынын чечимине Мамлекеттик фонддун башкармасынын төрагасы кол коюп, чечим түрүндө таризделет.

Мамлекеттик фонддун башкармасынын чечими чыккандан кийин Мамлекеттик фонд жети күндүн ичинде чыгармалардын авторлору, патенттердин авторлору/ээлери менен финансылык жардам бөлүп берүү жөнүндө келишим түзөт.

Ошол эле учурда, басма продукцияларын (китептер, брошюралар, альбомдор, плакаттар, буклеттер) чыгарууга берилүүчү финансылык жардамдын өлчөмү «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Мамлекеттик фонд тарабынан өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыктары боюнча аныкталат.

  1. Чыгармалардын авторлоруна, патенттердин авторлоруна/ээлерине төмөнкүдөй учурларда финансылык жардам берилбейт:

— башка автордун атына жана чыгармасына доо кетирген чыгармаларды жарыялоого;

— кайра басып чыгарууга;

— мурда чыгарылган чыгармаларды басып чыгарууга;

— улуттар аралык чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган, басмырлаган, саясий жана диний мүнөздөгү чыгармаларды басып чыгарууга;

— материалдык-техникалык базаны (автомашина оңдоого, кызмат көрсөтүүгө төлөөгө, эмерек сатып алууга ж.у.с.) бекемдөөгө;

— командировкалык чыгымдарды төлөөгө;

— окуу, методикалык жана энциклопедиялык адабияттарды басып чыгарууга;

— басып чыгарылган материалдарды жайылтууда жана сатууга көмөктөшүүгө;

— кредиттерди жана башка карыз милдеттенмелерин жабууга;

— илимий-изилдөө иштерине;

— коммерциялык эмес уюмдарды ачууга;

— юбилейлерди, концерттерди жана чыгармачылык кечелерди өткөрүүгө;

— финансылык жардамдын суммасы көрсөтүлгөн суммадан жогору болгон учурда.

Бир жолу финансылык жардам алган чыгарманын автору, патенттин автору/ээси кайрадан кайрылууга укуксуз.

  1. Патенттин автору/ээси төмөнкү критерийлерге ылайык келген уюмдун (ишкананын) же көз карандысыз эксперттин корутундусун бериши керек:

1) жаңычылдык;

2) өнөр жайда колдонулушу;

3) техника-экономикалык натыйжалуулугу.

  1. Чыгармалардын авторлору үчүн чыгармачылык союздар төмөнкүдөй критерийлерге туура келген рецензияларын бериши керек:

1) көркөмдүүлүк;

2) социалдык маанилүүлүгү;

3) чыгарманын идеясынын масштабдуулугу;

4) чыгарманын бүтүндүгү.

  1. Авторлорго/патент ээлерине финансылык жардам бир арыз ээсине төмөнкү максаттар үчүн 200000 (эки жүз миң) сомго чейинки өлчөмдө берилет:

1) өнөр жай менчик объектилерин, селекциялык жетишкендиктерди жана салттуу билимдерди патенттөө, анын ичинен чет өлкөлөрдө дагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген, тиешелүү алымдардын өлчөмүндө;

2) чыгымдардын берилген сметасына ылайык тажрыйба үлгүлөрүн түзүү (колдонуудагы патенти же патент берүү жөнүндө чечими болсо);

3) интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды колдоо жана калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тиешелүү алымдардын өлчөмүндө.

  1. Чыгармалардын авторлоруна финансылык жардам басма продукциясын (китептер, брошюралар, альбомдор, плакаттар, буклеттер) чыгаруу үчүн бир арыз ээсине 100000 (жүз миң) сомго чейинки өлчөмдө берилет.

3-глава. Корутунду жоболор

  1. Финансылык жардам алган жактар Мамлекеттик фондго келишимдин шарттарына ылайык отчет берет.
  2. Мамлекеттик фонд аткарылган келишимдик милдеттенмелер жөнүндө керектүү маалыматтарды алуу аркылуу бөлүнгөн финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылгандыгын контролдойт.

Положение о стимулировании изобретательской и творческой деятельности

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

от 6 марта 2019 года № 105

Об утверждении Положения о стимулировании изобретательской и творческой деятельности в Кыргызской Республике

 

В целях стимулирования изобретательской и творческой деятельности в Кыргызской Республике, в соответствии со статьями 10 и 17 конституционного Закона Кыргызской Республики «О Правительстве Кыргызской Республики» Правительство Кыргызской Республики

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

  1. УтвердитьПоложениео стимулировании изобретательской и творческой деятельности в Кыргызской Республике согласно приложению.
  2. Настоящее постановление вступает в силу по истечении пятнадцати дней со дня официального опубликования.

Опубликован в газете «Эркин Тоо» от 26 марта 2019 года N 22

Премьер-министр Кыргызской Республики                                                                                                                                                      М.Абылгазиев

 

Приложение

постановлению Правительства Кыргызской Республики от 6 марта 2019 года № 105)

ПОЛОЖЕНИЕ
о стимулировании изобретательской и творческой деятельности в Кыргызской Республике

Глава 1. Общие положения

  1. Настоящее Положение определяет условия и порядок стимулирования изобретательской и творческой деятельности в Кыргызской Республике.
  2. Стимулирование изобретательской и творческой деятельности в Кыргызской Республике осуществляется за счет средств республиканского бюджета Кыргызской Республики и иных средств, не запрещенных законодательством Кыргызской Республики.
  3. Финансовые средства, предназначенные для стимулирования изобретательской и творческой деятельности, используются исключительно в целях содействия развитию сферы интеллектуальной собственности в Кыргызской Республике и предоставляется на безвозмездной основе.
  4. Правом на обращение за финансовой помощью обладают граждане Кыргызской Республики, а также отечественные юридические лица, которые являются авторами произведений, авторами/владельцами патентов.

Глава 2. Порядок стимулирования изобретательской и творческой деятельности и распределения средств

  1. Для получения финансовой помощи авторы произведений, авторы/владельцы патентов обращаются в Государственный фонд интеллектуальной собственности при Государственной службе интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики (далее — Государственный фонд).
  2. Финансовая помощь оказывается на основании поданного письменного заявления в Государственный фонд, с указанием контактных данных (адрес, телефон, электронная почта) заявителя.

1) К заявлению авторов/владельцев патентов прилагаются следующие документы:

— копия паспорта;

— копия охранного документа (действующий патент, при наличии);

— смета расходов на изготовление опытного образца, размер пошлины (в расчетных показателях);

— заключение организации (предприятия) или независимого эксперта в соответствии с требованиями пункта 12 настоящего Положения.

2) К заявлению авторов произведений прилагаются:

— копия паспорта;

— рукопись произведений в бумажном варианте и на электронном носителе;

— резюме заявителя;

— рецензии творческих союзов, в соответствии с требованиями пункта 13 настоящего Положения.

  1. Для рассмотрения поступивших в Государственный фонд заявлений, создается рабочая комиссия, которая формируется из числа сотрудников уполномоченного органа в сфере юстиции, уполномоченного органа в области управления государственными финансами, уполномоченного органа в области культуры, уполномоченного органа в области образования, уполномоченного органа в области интеллектуальной собственности и Государственного фонда, а также представителей общественных организаций.

Персональный состав рабочей комиссии утверждается решением уполномоченного органа в области интеллектуальной собственности.

Делопроизводство рабочей комиссии осуществляет секретарь комиссии, который является сотрудником Государственного фонда.

При поступлении заявлений и документов от авторов произведений, авторов/владельцев патентов документам присваивается шифр, в трехдневный срок со дня их поступления.

Зашифрованные документы направляются на рассмотрение организаций (предприятий) и/или независимых экспертов, для дачи заключения, срок предоставления которых составляет пятнадцать дней.

Секретарь рабочей комиссии несет ответственность за правильность шифрования и сохранность документов, а также за неразглашение сведений, содержащихся в них.

  1. Рабочая комиссия рассматривает поступившие заявления и прилагаемые к ним документы в пятнадцатидневный срок, с учетом заключений организаций (предприятий) и независимых экспертов и проверяет их на соответствие требованиям, предусмотренным пунктами 12 и 13 настоящего Положения.
  2. После рассмотрения заявлений и прилагаемых к ним документов рабочая комиссия вносит документы о выделении финансовой помощи авторам произведений, авторам/владельцам патентов на рассмотрение правления Государственного фонда.

Решение рабочей комиссии оформляется протоколом, который подписывается членами рабочей комиссии.

  1. Положение о правлении Государственного фонда утверждается уполномоченным органом в области интеллектуальной собственности.

Деятельность правления Государственного фонда осуществляется в форме заседаний. Заседание является правомочным при наличии более половины от численного состава правления Государственного фонда.

Решение о выделении финансовых средств авторам произведений, авторам/владельцам патентов принимается большинством голосов членов правления Государственного фонда путем открытого голосования, в пятидневный срок. Решение и протокол заседания правления Государственного фонда подготавливается секретарем в течение 3-х рабочих дней после заседания Правления Государственного фонда.

Решение правления Государственного фонда оформляется в виде решения, которое подписывается председателем правления Государственного фонда.

После вынесения решения правления Государственного фонда, Государственный фонд в течение семи дней составляет договор о выделении финансовой помощи с авторами произведений, авторами/владельцами патентов.

При этом, размер финансовой помощи, предоставляемой авторам произведений на издание печатной продукции (книги, брошюры, альбомы, плакаты, буклеты), определяется по результатам проведенного Государственным фондом конкурса в соответствии с Законом Кыргызской Республики «О государственных закупках».

  1. Финансовая помощь авторам произведений, авторам/владельцам патентов не предоставляется в следующих случаях:

— на публикацию произведений, порочащих имя и произведение другого автора;

— на переиздание;

— на издание произведений, которые издавались ранее;

— на издание произведений дискриминационного, политического, религиозного характера, направленных на разжигание межнациональной розни;

— на укрепление материально-технической базы (ремонт автомашины, оплата услуг, приобретение мебели);

— на оплату командировочных расходов;

— на издание учебной, методической и энциклопедической литературы;

— на содействие в распространении и продаже изданных материалов;

— на погашение кредитов и других долговых обязательств;

— на научно-исследовательские работы;

— на открытие некоммерческих организаций;

— на проведение юбилеев, концертов и творческих вечеров;

— в случае превышения запрашиваемой суммы финансовой помощи.

Автор произведения, автор/владелец патента, получившие единожды финансовую помощь, не вправе обращаться за ней повторно.

  1. Для авторов/владельцев патентов необходимо представить заключение организации (предприятия) или независимого эксперта, соответствующее следующим критериям:

1) новизна;

2) промышленная применимость;

3) технико-экономическая эффективность.

  1. Для авторов произведений необходимо представить рецензии творческих союзов, соответствующие следующим критериям:

1) художественность;

2) социальная значимость;

3) масштабность идеи произведения;

4) целостность произведения.

  1. Финансовая помощь авторам/владельцам патентов предоставляется в размере до 200000 (двести тысяч) сомов на одного заявителя, для целей:

1) патентования объектов промышленной собственности, селекционных достижений и традиционных знаний, в том числе за рубежом, в размере соответствующих пошлин, установленных Правительством Кыргызской Республики;

2) создания опытных образцов (при наличии действующего патента или решения о выдаче патента), в соответствии с представленной сметой расходов;

3) поддержания и восстановления права на объекты интеллектуальной собственности, в размере соответствующих пошлин, установленных Правительством Кыргызской Республики.

  1. Финансовая помощь авторам произведений предоставляется в размере до 100000 (сто тысяч) сомов на одного заявителя для издания печатной продукции (книги, брошюры, альбомы, плакаты, буклеты).

Глава 3. Заключительные положения

  1. Лица, получившие финансовую помощь, представляют в Государственный фонд отчет согласно условиям договора.
  2. Государственный фонд осуществляет контроль за целевым использованием выделенных финансовых средств путем получения необходимой информации о выполненных договорных обязательствах.