Саамалык-17

ЖАШ КАЛЕМГЕРЛЕР, КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Адабий конкурс!

Урматтуу жаш калемгерлер! Кыргызпатент таланттуу балдар жана жаштар үчүн кайрадан “Саамалык” республикалык адабий конкурсун жарыялайт!
Жеңүүчүлөрдүн чыгармалары “Саамалык – 17” жаш авторлордун адабий топтомуна киргизилет жана белек катары китеби тартууланат.

Конкурстун шарттары:

— Кыргыз же орус тилдеринде эч жерде жарык көрбөгөн поэзия жана проза номинациялары боюнча чыгармалар кабыл алынат;
— Авторлордун курагы 30 жаштан ашпоого тийиш;
— Кыскача өмүр баяны, JPG форматтагы сүрөтү, учурда иштеген (окуган) жери жана дареги;
— Чыгармачылык иштер 2022-жылдын 1-декабрынан 2023-жылдын  25-апрелине чейин кабыл алынат. Жыйынтыгы июнь айында чыгарылат.

Өтүнмөнү Жобонун №1 тиркемесине ылайык толтуруп, материалдарды  d.akun@patent.kg электрондук почтасына же Кыргызпатенттин: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү 62 дарегине жөнөтүү керек. Толук маалыматты http://fund.patent.kg/?p=1166 сайтынан табууга болот.

Байланыш телефондор:  (0312) 68-04-71, 0700 84-83-29


Внимание! Молодые авторы! Литературный конкурс!

Дорогие авторы! Студенты и учащиеся!
Кыргызпатент объявляет литературный конкурс «Саамалык-17» для талантливой молодежи.

Победителям будет подарен литературный сборник «Саамалык-17».

— Конкурс будет проводиться в номинациях поэзии и прозы, которые нигде не публиковались на кыргызском или русском языках;
— В конкурсе могут участвовать все желающие в возрасте до 30 лет;
— Краткая биография, фото в формате JPG, место работы (учебы) и адрес;
— Конкурсные работы принимаются с 1 декабря 2022 года по 25 апреля 2023 года. Итоги конкурса будут подведены в июне месяце 2023 года.

С Положением о проведении конкурса можете ознакомиться на сайте http://fund.patent.kg/?p=1166.

Для участия в конкурсе необходимо направить заявку установленного образца согласно приложению № 1 Положения на электронную почту d.akun@patent.kg, либо по адресу Кыргызпатента: 720021, г. Бишкек, ул. Московская, № 62.

Телефоны для справок: (0312) 68-04-71, (0700) 84-83-29