Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 6-марты № 105

Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин Тоо” газетасынын 2019-жылдын 26-мартындагы N 22 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                                                                                                                      М.Абылгазиев

 

Приложение

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы N 105 токтомуна)

ЖОБО
Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

  1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруунун шарттарын жана тартибин аныктайт.
  2. Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражатынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
  3. Ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу үчүн арналган финансылык каражаттар Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында гана пайдаланылат жана кайтарымсыз негизде берилет.
  4. Финансылык жардамга Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чыгармалардын авторлору, патенттердин авторлору/ээлери болуп саналган ата мекендик юридикалык жактар кайрылууга укуктуу.

2-глава. Ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруунун жана каражаттарды бөлүштүрүүнүн тартиби

  1. Чыгармалардын авторлору, патенттердин авторлору/ээлери финансылык жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондуна (мындан ары – Мамлекеттик фонд) кайрылышат.
  2. Финансылык жардам арыз ээсинин байланыш маалыматтарын (дареги, телефону, электрондук почтасы) көрсөтүү менен Мамлекеттик фондго жазуу жүзүндө берген арызынын негизинде көрсөтүлөт.

1) Авторлордун/патент ээлеринин арызына төмөнкүдөй документтер тиркелет:

– паспорттун көчүрмөсү;

– коргоо документинин көчүрмөсү (колдонуудагы патенти бар болсо);

– тажрыйба үлгүсүн даярдоого чыгымдардын сметасы, алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөрдө);

– ушул Жобонун 12-пунктунун талаптарына ылайык уюмдун (ишкананын) же көз карандысыз эксперттин корутундусу.

2) Чыгармалардын авторлорунун арызына төмөнкүлөр тиркелет:

– паспорттун көчүрмөсү;

– чыгарманын кол жазмасы кагаз жүзүндө жана электрондук сактагычта;

– арыз ээсинин таржымалы;

– ушул Жобонун 13-пунктунун талаптарына ылайык чыгармачылык бирликтердин рецензиялары.

  1. Мамлекеттик фондго келип түшкөн арыздарды карап чыгуу үчүн жумушчу комиссия түзүлөт, ал юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жана Мамлекеттик фонддун кызматкерлеринен, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Жумушчу комиссиянын жеке курамы интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет.

Жумушчу комиссиянын иш кагаздарын Мамлекеттик фонддун кызматкери болгон комиссиянын катчысы жүргүзөт.

Чыгармалардын авторлорунан, патенттердин авторлорунан/ээлеринен арыздар жана документтер келип түшкөндө, аларга келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө шифр ыйгарылат.

Шифрленген документтер уюмдардын (ишканалардын) жана/же көз карандысыз эксперттердин кароосуна корутунду берүү үчүн жиберилет, аны берүү мөөнөтү он беш күндү түзөт.

Жумушчу комиссиянын катчысы туура шифрлөө жана документтерди сактоо, ошондой эле алардагы маалыматтарды ачыкка чыгарбоо үчүн жооптуу болот.

  1. Жумушчу комиссия келип түшкөн арыздарды жана аларга тиркелген документтерди уюмдардын (ишканалардын) жана көз карандысыз эксперттердин корутундуларын эске алуу менен он беш күндүк мөөнөттө карайт жана ушул Жобонун 12 жана 13-пункттарында каралган талаптарга ылайык келишин текшерет.
  2. Жумушчу комиссия арыздарды жана аларга тиркелген документтерди карап чыккандан кийин чыгармалардын авторлоруна, патенттердин авторлоруна/ээлерине финансылык жардам бөлүп берүү жөнүндө документтерди Мамлекеттик фонддун башкармасынын кароосуна киргизет.

Жумушчу комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага жумушчу комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат.

  1. Мамлекеттик фонддун башкармасы жөнүндө жобо интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

Мамлекеттик фонддун башкармасынын иши жыйындар түрүндө жүзөгө ашырылат. Жыйын Мамлекеттик фонддун башкармасынын сандык курамынын жарымынан көбү катышса укуктуу болуп саналат.

Чыгармалардын авторлоруна, патенттердин авторлоруна/ээлерине финансылык каражат бөлүп берүү жөнүндө чечим беш күндүк мөөнөттө, Мамлекеттик фонддун башкармасынын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Мамлекеттик фонддун башкармасынын жыйынынан чечими жана протоколу Мамлекеттик фонддун башкармасынын жыйыны өткөндөн кийин 3 жумуш күндүн ичинде катчы тарабынан даярдалат.

Мамлекеттик фонддун башкармасынын чечимине Мамлекеттик фонддун башкармасынын төрагасы кол коюп, чечим түрүндө таризделет.

Мамлекеттик фонддун башкармасынын чечими чыккандан кийин Мамлекеттик фонд жети күндүн ичинде чыгармалардын авторлору, патенттердин авторлору/ээлери менен финансылык жардам бөлүп берүү жөнүндө келишим түзөт.

Ошол эле учурда, басма продукцияларын (китептер, брошюралар, альбомдор, плакаттар, буклеттер) чыгарууга берилүүчү финансылык жардамдын өлчөмү “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Мамлекеттик фонд тарабынан өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыктары боюнча аныкталат.

  1. Чыгармалардын авторлоруна, патенттердин авторлоруна/ээлерине төмөнкүдөй учурларда финансылык жардам берилбейт:

– башка автордун атына жана чыгармасына доо кетирген чыгармаларды жарыялоого;

– кайра басып чыгарууга;

– мурда чыгарылган чыгармаларды басып чыгарууга;

– улуттар аралык чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган, басмырлаган, саясий жана диний мүнөздөгү чыгармаларды басып чыгарууга;

– материалдык-техникалык базаны (автомашина оңдоого, кызмат көрсөтүүгө төлөөгө, эмерек сатып алууга ж.у.с.) бекемдөөгө;

– командировкалык чыгымдарды төлөөгө;

– окуу, методикалык жана энциклопедиялык адабияттарды басып чыгарууга;

– басып чыгарылган материалдарды жайылтууда жана сатууга көмөктөшүүгө;

– кредиттерди жана башка карыз милдеттенмелерин жабууга;

– илимий-изилдөө иштерине;

– коммерциялык эмес уюмдарды ачууга;

– юбилейлерди, концерттерди жана чыгармачылык кечелерди өткөрүүгө;

– финансылык жардамдын суммасы көрсөтүлгөн суммадан жогору болгон учурда.

Бир жолу финансылык жардам алган чыгарманын автору, патенттин автору/ээси кайрадан кайрылууга укуксуз.

  1. Патенттин автору/ээси төмөнкү критерийлерге ылайык келген уюмдун (ишкананын) же көз карандысыз эксперттин корутундусун бериши керек:

1) жаңычылдык;

2) өнөр жайда колдонулушу;

3) техника-экономикалык натыйжалуулугу.

  1. Чыгармалардын авторлору үчүн чыгармачылык союздар төмөнкүдөй критерийлерге туура келген рецензияларын бериши керек:

1) көркөмдүүлүк;

2) социалдык маанилүүлүгү;

3) чыгарманын идеясынын масштабдуулугу;

4) чыгарманын бүтүндүгү.

  1. Авторлорго/патент ээлерине финансылык жардам бир арыз ээсине төмөнкү максаттар үчүн 200000 (эки жүз миң) сомго чейинки өлчөмдө берилет:

1) өнөр жай менчик объектилерин, селекциялык жетишкендиктерди жана салттуу билимдерди патенттөө, анын ичинен чет өлкөлөрдө дагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген, тиешелүү алымдардын өлчөмүндө;

2) чыгымдардын берилген сметасына ылайык тажрыйба үлгүлөрүн түзүү (колдонуудагы патенти же патент берүү жөнүндө чечими болсо);

3) интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды колдоо жана калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тиешелүү алымдардын өлчөмүндө.

  1. Чыгармалардын авторлоруна финансылык жардам басма продукциясын (китептер, брошюралар, альбомдор, плакаттар, буклеттер) чыгаруу үчүн бир арыз ээсине 100000 (жүз миң) сомго чейинки өлчөмдө берилет.

3-глава. Корутунду жоболор

  1. Финансылык жардам алган жактар Мамлекеттик фондго келишимдин шарттарына ылайык отчет берет.
  2. Мамлекеттик фонд аткарылган келишимдик милдеттенмелер жөнүндө керектүү маалыматтарды алуу аркылуу бөлүнгөн финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылгандыгын контролдойт.