7-декабрда Кыргызпатент “Startup Students” конкурсунун стартап-долбоорлорун алдын ала тандоо боюнча Конкурстук комиссиянын биринчи отурумун өткөрдү

7-декабрда Кыргызпатент “Startup Students” конкурсунун стартап-долбоорлорун алдын ала тандоо боюнча Конкурстук комиссиянын биринчи отурумун өткөрдү.
Отурумда “Startup Students” конкурсун өткөрүү тартиби жана келип түшкөн өтүнмөлөр жөнүндө кыскача баяндама берилди. Ошондой эле отурумда өтүнмөлөрдү кароонун форматын аныктоо маселелери талкууланды жана алдын ала тандоонун баалоо формасынын долбоору бекитилди.
“Startup Students” конкурсун өткөрүү жөнүндө жобого ылайык, көз карандысыз эксперттерден турган Конкурстук комиссия 2 күндүк мөөнөттө ар бир стартап долбоорду төмөнкү критерийлер боюнча алдын ала баалайт:
1) долбоордун инновациялуулугу;
2) долбоордун социалдык мааниси;
3) долбоорду коммерциялаштыруу келечеги;
4) конкурска катышуунун алкагында жакынкы жарым жылда долбоорду өнүктүрүү планы.
Сынактын негизги милдети студенттердин стартап-долбоорлоруна дем берүү жана колдоо, республиканын бардык региондорунда ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүктө жарандардын кызыгуусун жана активдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow