“Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстары” көргөзмөсү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) 2022-жылдын 29-30-ноябрында “Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстары – 2022” көргөзмөсүн өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун 2022-жылдын 27-октябрындагы №267 буйругу менен “Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстары” көргөзмөсү жөнүндө Жобо бекитилди.
Көргөзмө өткөрүүнүн максаты – Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстарын көрсөтүү, жаңы технологияларды жана жабдууларды өнүктүрүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн потенциалдуу инвесторлорду издөө, жаңы бизнес байланыштарды жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү болуп саналат.

Көргөзмө төмөндөгү экономика багыттары боюнча өткөрүлдү:
-айыл чарба;
-энергияны үнөмдөө, энергиянын биринчи жана экинчи булактары, аккумуляторлор, отун элементтери, күн батареялары, шамал генераторлору, биоотун;
-медицина, санитария, профилактика, сергек жашоо образы, медициналык техника;
-тоо-кен өнөр жайы;
-жеңил өнөр жайы;
-экология, жаратылышты сарамжал пайдалануу, калдыктарды сорттоо жана кайра иштетүү, сууну тазалоо, суу менен камсыздоо, сугаруу;
-жолдор, көпүрөлөр, курулуш, тейлөө жана оңдоо технологиялары, жаңы материалдар, жабдуулар;
-робототехника, өнөр жай жана үй роботтору, автороботтору, сенсорлор, датчиктер жана башкалар;
-маалымат жана  IT-технологиялар;
-билим берүүдөгү инновациялар;
-креативдүү индустриядагы жетишкендиктер.

Көргөзмө катышуучуларга кызматташуу үчүн ишкердик байланыштарды жана келишимдерди түзүүдө, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо жана импорттоо үчүн жаңы рынокторду ачууда, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөрдү табууда, биргелешкен компанияларды түзүүдө натыйжалуу бизнес-аянтча болуп калды. Көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча түстүү каталог 2023-жылы басууга даярдалууда.
Көргөзмөгө 300дөн ашуун катышуучулар – мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, ата мекендик ойлоп табуучулар, креативдүү индустриянын өкүлдөрү жана авторлор, бизнес ээлери, стартаптар, университеттер, колледждер, мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелер катышты. Алар 700дөн ашык экспонатты көрсөтүштү.

Көргөзмөнүн эки күнүнүн ичинде төмөндөгүлөр болуп өттү:
-“Кооперация аркылуу локалдаштыруу 2.0. КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин инновациялык кызматташууларынын 2030-жылга чейинки мезгилге мамлекеттер аралык программаларынын мүмкүндүктөрү жана механизмдери. Стартап кантип башка өлкөнүн рыногуна чыга алат?” аталышындагы конференция-стратегиялык сессия;
-ИМБДУнун чакан жана орто ишканалар, окуучулар үчүн китептеринин бетачары / китептердин көргөзмөсү;
— билим берүүдөгү инновациялар, стартап, IT-технологиялар, индустрия, тоо-кен тармагы, экология жана башкалар жаатындагы тематикалык сессиялар, презентациялар, мастер-класстар.

Белгилей кетчү жагдай, көргөзмөгө мектеп окуучулары активдүү катышты.
Билим берүү мекемелеринин окуучулары жана мугалимдерин көргөзмөгө даярдоо жана катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина куруу жана автоматташтыруу институту менен биргеликте “Архимед” кошумча билим берүү борборунун базасында инженердик мектеп боюнча сабактар уюштурулду.
“Архимед” борборунун окутуучулары “Дизайн негиздери, 3D моделдөө жана прототиптөө”, “STEАM” багыты боюнча окутуу курсун өткөрүштү. Окутууга 70тен ашык окуучу жана 15 мугалим катышты. Сабактардын жүрүшүндө мастер-класстар жана  3D моделдөө менен практикалык көрсөтүлдү. Алар Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина куруу жана автоматташтыруу институтуна экскурсия жасашты, китепкана, лаборатория, инженердик-конструктордук бөлүм жана тетиктерди чыгаруучу цех менен таанышты.
Ошондой эле республиканын мектептен тышкаркы мекемелеринин ийримдеринин жетекчилери үчүн онлайн форматта семинарлар өткөрүлдү.
Көргөзмөнүн бардык катышуучулары дипломдор, ал эми жетекчилери ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Ошондой эле Кыргызпатенттин 2022-жылга карата Иш-чаралар планына ылайык, аймактардагы техникалык чыгармачылык ийримдерге техникалык жардамдар көрсөтүлдү. Техникалык ийримдин ачылышы жана иштеши үчүн Кемин жана Ноокат райондорунун балдар чыгармачылык борборлоруна 75 000 сомдук сертификаттар тапшырылды.

Көргөзмөнүн жыйынтыгында кызматташуу боюнча 3 келишим түзүлдү:
-Кара-Балта шаарындагы жана Аламүдүн районундагы балдар чыгармачылык борбору “Архимед” кошумча билим берүү борбору менен 4 негизги багыт боюнча окутуу боюнча келишим түзүлдү;
-Инженердик;
-Табият таануу;
-Көркөм чыгармачылык;
-“STEАM”;
-Россиялык катышуучулар Илья Токарев, Артем Прозоров  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина куруу жана автоматташтыруу институтунун лабораториясында бионикалык протездерди жасоо боюнча келишимге кол коюшту.

Көргөзмө катышуучуларды илимий-техникалык, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүккө стмулдаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө, инновациялык маданиятты калыптандырууга жана инженердик кесиптердин статусун көтөрүүгө өбөлгө түздү.
Иш-чарада республиканын бардык аймактарынан келген жаш ойлоп табуучулар өздөрүнүн илимий-техникалык долбоорлорун көрсөтүп, моделдерин көрсөтүштү. Мындай көргөзмөлөр Кыргызстандын жаштарынын арасында илимий-техникалык билимди жана чыгармачылыкты жайылтууга көмөктөшөт, балдардын бири-бири менен тажрыйба алмашуусуна, жаңы технологияларды үйрөнүүгө жардам берет. Окумуштуулар, бизнес джана өнөр жай компаниялардын өкүлдөрү долбоорлорду баалоого активдүү катышып, иштелмелерди жана ойлоп табуучулук идеяларды андан ары оптималдаштыруу боюнча профессионалдык сунуштарды беришти.
Балдардын ойлоп табуулары, жаштардын илимий-изилдөө жана рационализатордук долбоорлору республиканын илиминде, өндүрүшүндө жана бизнесинде адистердин кийинки муунунун пайда болушуна негиз түзөт, бул ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизин түзөт.
Кыргызпатент көргөзмөнү өткөрүү боюнча алдына койгон  максаттарын жана милдеттерин аткарып, ишке ашырды.


Государственное агентство интеллектуальной собственности и инноваций при Кабинете Министров Кыргызской Республики (Кыргызпатент) 29-30 ноября провел выставку «Интеллектуальные и инновационные ресурсы Кыргызстана».
Приказом директора Государственного агентства интеллектуальной собственности и инноваций при Кабинете Министров, от 27 октября 2022 года № 267 было утверждено Положение о выставке «Интеллектуальные и инновационные ресурсы Кыргызстана».
Цель проведения выставки — демонстрация интеллектуальных и инновационных ресурсов Кыргызской Республики, обмен опытом в сфере развития новых технологий и оборудования, поиск потенциальных инвесторов для внедрения проектов, налаживание новых деловых контактов и партнерских отношений.

Выставка проводилась по направлениям экономики:
— сельское хозяйство;
— энергосбережение, первичные и вторичные источники энергии, аккумуляторы, топливные элементы, солнечные батареи, ветрогенераторы, биотопливо;
— медицина, санитария, профилактика, здоровый образ жизни, медицинская техника;
— горная промышленность;
— легкая промышленность;
— экология, рациональное природопользование, сортировка и переработка отходов, водоочистка, водоснабжение, орошение;
— дороги, мосты, технологии строительства, содержания и ремонта, новые материалы, оборудование;
— робототехника, промышленные и домашние роботы, автороботы, сенсоры, датчики и другие;
— информационные и IT-технологии;
— инновации в образовании;
— достижения креативной индустрии.

Выставка стала эффективной бизнес — площадкой для компаний участников в налаживании и заключении деловых контактов для сотрудничества, в открытии новых рынков по экспорту — импорту товаров, услуг, в нахождении партнеров по реализации инвестиционных проектов, создании совместных компаний. По итогам выставки готовится к изданию в 2023 году красочный каталог.
На выставке приняли участие свыше 300 участников это — государственные органы, международные организации, отечественные изобретатели, представители креативной индустрии и авторы, владельцы бизнеса, стартаперы, ВУЗы, колледжи, школьные и внешкольные учреждения. Они выставили свыше 700 экспонатов.

За два дня проведения выставки состоялись:
— Конференция — стратегическая сессия “Локализация через кооперацию 2.0. Возможности и механизмы межгосударственной программы инновационного сотрудничества государств-участников СНГ на период 2030 года. Как Стартапу выйти на рынок другой страны”
— Презентация книг ВОИС для школьников, малых и средних предприятий / выставка книг.
— Тематические сессии, презентации, мастер-классы в области: инновации в образовании, стартап, IT-технологии, индустрия, горнодобывающая отрасль, экология и другие.

Хотелось отметить активное участие на выставке школьников.
Для подготовки и участия в выставке для педагогов и учащихся образовательных учреждений был запущен проект “Инженерная школа” совместно с Институтом машиноведения и автоматики НАН КР, организованы занятия по инженерной школе на базе “Центра дополнительного образования «Архимед».
Преподаватели Центра «Архимед» провели обучающий курс по теме: «Основы проектирования, 3D моделирования и прототипирования», “STEАM” направлению. В обучении приняли участие свыше 70 учеников и 15 преподавателей. В ходе занятий показаны мастер – классы и практические работы с 3D моделированием.  Была проведена экскурсия по Институту машиноведения и автоматики НАН КР, они ознакомились с библиотекой, лабораторией, инженерно-конструкторским отделом и цехом по производству деталей.
Также в онлайн формате были проведены семинары для руководителей кружков внешкольных учреждений республики.
Все участники выставки награждены дипломами, а руководители благодарственными письмами.
Также в соответствии с Планом мероприятий Кыргызпатента на 2022 год оказана техническая помощь кружкам технического творчества в регионах. Для открытия и работы технического кружка вручены сертификаты на сумму 75 000 сом Центрам детского творчества Кеминского и Ноокатского районов.

По итогам проведения выставки заключены 3 договора для сотрудничества:
— Центр детского творчества г. Кара-Балта и Аламудунского района заключили договор с “Центром дополнительного образования «Архимед» по обучению по 4 основным направлениям:
— Инженерное;
— Естественно-научное;
— Художественное творчество;
— STEAM;
— участники из России Илья Токарев, Артем Прозоров заключили договор с Институтом машиноведения при НАН КР по созданию бионических протезов в лаборатории института.

Выставка способствовала созданию условий для стимулирования у участников к научно-технической и исследовательской и изобретательской деятельности, формирования инновационной культуры и повышения статуса инженерных профессий.
На мероприятии юные изобретатели со всех регионов республики представили свои научно-технические проекты и продемонстрировали действующие модели. Подобные выставки способствуют популяризации научно-технического образования и творчества у молодежи Кыргызстана, помогают ребятам обмениваться друг с другом опытом, узнавать о новых технологиях. Ученые, представители промышленных компаний и бизнеса активно участвовали в оценивании проектов, дали профессиональные рекомендации по дальнейшей оптимизации разработок и изобретательских идей.
Детское изобретательство, молодежные исследовательские и рационализаторские проекты закладывают основу для появления следующего поколения специалистов науки, промышленности и бизнеса республики, лежат в основе экономического развития любой страны.
Свои цели и задачи по проведению выставки Кыргызпатентом выполнены и достигнуты.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow