Иннновациялык борбордо долбоорлор талкууланды

Бугүн Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбордо директор Алымбеков Айдар, “Search for common ground” коммерциялык эмес уюмунун байланыш боюнча адиси Рыскелдиева Зарема, долбоорлордун координатору Баялиева Мырзагүл менен Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун чыгармачылыкты шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы Түлөбердиева Дамира, башкы адис Токтосунова Нурзида ортосунда жолугушуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө чыгармачылыкты шыктандыруу бөлүмүнун башчысы Д. Түлөбердиева Кыргызпатенттин алдындагы ИМ мамфондунун ишмердүүлүгү, анын ичинен “Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн”, “Илимде, ойлоп табууда жана инновацияда аялдын образы” аттуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу, ошондой эле таланттуу жаштарды, ойлоп табуучуларды жана навоторлорду колдоо көрсөтүү боюнча кеңири айтып берди. Ошону менен бирге ИМ мамфондунун 2023-жылга түзүлгөн иш-чаралар планы менен тааныштыра кетти. Ал эки жылда бир өтүүчү “Кыргыз Республикасынын авторлор арасындагы Улуттук сынак”, “Саамалык”, “7 жаш автор” адабий сынактары жөнүндө да маалымат берди. Мындан сырткары “Search for common ground” коммерциялык эмес уюму менен эки тараптуу Меморандум түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Андан кийин Инновациялык борбордун директору А. Алымбеков мекеменин ишмердүүлүгүнө токтолду. М. Баялиева ИМ мамфонду өткөргөн иш-чараларды “Search for common ground” уюмунун долбоорлорунун соцтармактагы баракчаларына жайгаштыруу сунуштарын айтты. Ошондой эле М. Баялиева ИМ мамфондунун иш-чара планы менен таанышып чыкандан кийин келечекте бирге долбоорлорду ишке ашырууну максатташты.

Бугүн Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбордо директор Алымбеков Айдар, “Search for common ground” коммерциялык эмес уюмунун байланыш боюнча адиси Рыскелдиева Зарема, долбоорлордун координатору Баялиева Мырзагүл менен Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун чыгармачылыкты шыктандыруу бөлүмүнүн  башчысы Түлөбердиева Дамира, башкы адис Токтосунова Нурзида ортосунда жолугушуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө чыгармачылыкты шыктандыруу бөлүмүнун башчысы Д. Түлөбердиева Кыргызпатенттин алдындагы ИМ мамфондунун ишмердүүлүгү, анын ичинен “Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн”, “Илимде, ойлоп табууда жана инновацияда аялдын образы” аттуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу, ошондой эле таланттуу жаштарды, ойлоп табуучуларды жана навоторлорду колдоо көрсөтүү боюнча кеңири айтып берди. Ошону менен бирге ИМ мамфондунун 2023-жылга түзүлгөн иш-чаралар планы менен тааныштыра кетти. Ал эки жылда бир өтүүчү “Кыргыз Республикасынын авторлор арасындагы Улуттук сынак”, “Саамалык”, “7 жаш автор” адабий сынактары жөнүндө да маалымат берди. Мындан сырткары “Search for common ground” коммерциялык эмес уюму менен эки тараптуу Меморандум түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Андан кийин Инновациялык борбордун директору А. Алымбеков мекеменин ишмердүүлүгүнө токтолду.

М. Баялиева ИМ мамфонду өткөргөн иш-чараларды “Search for common ground” уюмунун долбоорлорунун соцтармактагы баракчаларына жайгаштыруу сунуштарын айтты. Ошондой эле М. Баялиева ИМ мамфондунун иш-чара планы менен таанышып чыкандан кийин келечекте бирге долбоорлорду ишке ашырууну максатташты.