Женщины и ИС-катализатор инноваций и творчества

2023-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) “Илимдеги аялдардын орду” долбоорунун алкагында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин базасында “Аялдар жана интеллектуалдык менчик – инновациялардын жана чыгармачылыктын катализатору” аталышындагы тегерек стол өткөрдү.
Иш-чаранын максаты – табигый, техникалык илимдер боюнча окумуштуу аялдарды колдоо, жаштардын илимге болгон кызыгуусун ойготуп, ага жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу, ошондой эле аялдардын ойлоп табуучулукка, инновацияларга жана технологияга окутууга жеткиликтүүлүгүн жана катышуусун жакшыртуу болуп саналат.
Тегерек стол төмөнкү тематикалык багыттар боюнча өткөрүлдү:
1. Илимдеги гендердик теңсиздиктин көйгөйлөрү.
2. Кыздарды илим тармагына тартуу.
3. Кыргыз Республикасында гендердик изилдөөлөрдү өнүктүрүүдөгү окумуштуу аялдар.
4. Саясий жана социалдык-экономикалык процесстерди башкарууда окумуштуу аялдардын ролу.
5. Санариптик коомду калыптандырууда окумуштуу аялдардын ролу.
Иш-чара “Идеялар жарманкеси” көргөзмөсү менен ачылып, ага түштүк аймактарынан келген жаш ойлоп табуучулар, окуучулар, окумуштуу аялдардын илимий-техникалык долбоорлору, иштелемелери, моделдери коюлду.
Саламдашуу иретинде Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин проректору, техника илимдеринин доктору, профессор М. Исманов сөз сүйлөштү. Алар аялдар менен кыздар илимий жана технологиялык коомдо маанилүү орунду ээлей тургандыгын, кыз-келиндердин катышуусу илим жана гендердик теңчиликти камсыздоодогу турмуштук негизги мааниге ээ экендигин белгилешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө салтанаттуу түрдө “Жаш жаратман” жана “Илимдеги, ойлоп табуучулукта жана инновацияда аялдардын образы” конкурстарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтүп, эстелик белектер тапшырылды. Ошондой эле Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин студенттери тарабынан “Көп кырдуу Кыргызстан – 2023” улуттук кийимдердин жаңы коллекциясынын презентациясы көрсөтүлдү.
Тегерек столдо аялдарды жана кыздарды илим, ойлоп табуучулук, инновациялар жана технологиялар боюнча окутууга жеткиликтүүлүгүн жана катышуусун жакшыртуу, ишке орноштурууга, татыктуу эмгекке көмөк көрсөтүү ж.б. тууралуу сөздөр козголду. Жыйынтыгында айтылган сунуштар жана каалоо-тилектерди эске алуу менен резолюция кабыл алынды. Соңунда эстеликке сүрөткө түшүү болду.
Иш-чарага Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, ОшМУ, Академик М. Адышев атындагы ОшТУ, Б. Осмонов атындагы ЖАМУ жана БатМУнун профессордук-окутуучулук курамы, окумуштуу аялдар, жаш илимий кызматкер кыздар, Ош жана Баткен областтарындагы балар чыгармачылык борборлорунун жетекчилери, мугалимдери жана окуучулары катышты.
Белгилей кетсек, “Илимдеги аялдардын орду” долбоорунун жыйынтыгында күз айында Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун, Евразиялык патенттик уюмунун жана чет өлкөдөн атайын чакырылган эксперттердин катышуусунда чоң конференция уюштурулат, ошондой эле “Кыргызстандын окумуштуу аялдары” каталогунун бет ачары өткөрүлөт.
__________________________________________________________
18 мая 2023 года Государственное агентство интеллектуальной собственности и инноваций при Кабинете Министров Кыргызской Республики, Государственный фонд интеллектуальной собственности при Кыргызпатенте и Кыргызско-Узбекский международный университет им. Б. Сыдыкова в рамках проекта “Женщины в науке” провели круглый стол «Женщины и ИС-катализатор инноваций и творчества».
Целью мероприятия является поддержка женщин-ученых в области естественных и технических наук, проявление интереса молодежи к науке, а также поощрение участия женщин в изобретательстве, в сфере технологий и инноваций.
Круглый стол провели по следующим тематическим направлениям:
1. Проблемы гендерного неравенства в науке.
2. Вовлечение девушек в сферу науки.
3. Женщины-ученые в продвижении гендерных исследований в Кыргызской Республике.
4. Роль женщин-ученых в управлении политическими и социально-экономическими процессами.
5. Роль женщин-ученых в формировании цифрового общества.
Мероприятие открылось выставкой “Ярмарка идей”, на которой были представлены научно-технические проекты, модели молодых изобретателей, женщин-ученых и школьников из южного региона.
С приветственными словами выступили директор Кыргызпатента — Р. Керимбаева, проректор Кыргызско-Узбекского международного университета им. Б. Сыдыкова, доктор технических наук, профессор – М. Исманов. Они отметили, что женщины и девочки занимают важное место в научно-техническом обществе, а участие женщин имеет важное значение для развития науки и обеспечения гендерного равенства.
В ходе мероприятия состоялась торжественная церемония награждения победителей конкурсов “Жаш жаратман” и “Женский облик в науке, изобретательстве и инновациях”. Также студентами Кыргызско-Узбекского международного университета им Б. Сыдыкова была представлена презентация новой коллекции национальной одежды “Көп кырдуу Кыргызстан – 2023”.
На круглом столе были рассмотрены вопросы поощрения, участия женщин и девочек в науке, изобретательстве, технологиях и инноваций, содействия их трудоустройству. В результате была принята резолюция с учетом высказанных предложений.
На мероприятии приняли участие профессорско-преподавательский состав, женщины-ученые, девушки-научные сотрудники Кыргызско-Узбекского Международного университета им. Б.Сыдыкова, Ошского государственного университета им. М. Адышева, Жалал-Абадского государственного университета им. Б. Осмонова, руководители и учащиеся детских творческих центров Ошской и Баткенской областей.
Отметим, что итогам проекта “Женщины в науке” осенью будет проведена конференция с участием Всемирной организации интеллектуальной собственности, Евразийской патентной организации, экспертов из-за рубежа, а также презентация каталога ”Женщины-ученые Кыргызстана».
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow