“УЛУТТУК STARTUP” ХАКАТОНУ

16-сентябрда Кыргызстандын бардык аймактарында экономиканын түрдүү тармактарына багытталган масштабдуу “УЛУТТУК STARTUP” хакатону башталат.
 

Иш-чараны уюштуруучулар: Codify, Accelerate Prosperity жана Кыргызпатент.

 

16-сентябрдан 20-сентябрга чейин Бишкек шаарында «УЛУТТУК STARTUP» хакатону өтөт. Иш-чаранын ачылыш аземи 16-сентябрда саат 10:00дө БААУда өтөт, анда бизнеске умтулган ишкерлер жана стартап-идеянын ээлери 15 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү байге фонду үчүн ат салышат!

 

Иш-чарада 1000 стартапчы Кыргызстандын Стартап Экосистемасынын өнүгүшүнө чоң салым кошо ала турган улуттук масштабдагы кызыктуу долбоорлорун тартуулашат.

 

“УЛУТТУК STARTUP” хакатону – жаштарга жана ишкерликке умтулган жарандарга тажрыйбалуу жана ийгиликтүү стартаптардан жана бизнесмендерден колдоо алуу, жаңы тажрыйбаларды үйрөнүү, потенциалдуу инвесторлордун көңүлүн бурдуруу жана бизнесин өнүктүрүү үчүн акчалай сыйлык утуп алуу мүмкүнчүлүгү! Кыргызстан-Стартапчылардын өлкөсү! Мыкты улуттук стартап долбоорунун катышуучусу болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарба!” – дейт Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева.

 

Улуттук Startup иш-чарасынын максаты — жаштарды бизнес секторуна окутуу жана тартуу, алардын ишкердик боюнча тажрыйба алуусу, креативдүү чечимдерди табуусу жана стартап-ой жүгүртүүнү өнүктүрүүсү үчүн аянтча менен камсыз кылуу. Хакатон жаш өзгөчөлүгүнө карабай, ишкердик жөндөмүн сынап көрүү жана Кыргызстандагы эң алдыңкы стартапчылардын тажрыйбасын үйрөнүү үчүн бул долбоорго катышууга чакырат. Программа бүткүл дүйнө эли керектей турган продуктыларды Борбордук Азияда өндүрүү максатында жергиликтүү стартап-идеяларды колдоого багытталган.

 

“Биз дүйнөлүк рынокко мигранттарды эмес, инновациялык долбоорлорду жана технологияларды сунуштагыбыз келет. Ата-бабаларыбыздын көчмөн турмушунан баштап 21-кылымдагы УЛУТТУК СТАРТАПка чейинки өзүбүздүн өзгөчөлүгүбүздү жана жолубузду табуу! Бул биздин CODIFY IT компаниябыздын миссиясы. Биз 2 күндүк хакатонго катышуу үчүн эң таланттуу балдарды чогултуп жатабыз, анда сиз менторлор менен бирге инновациялык долбоорлорду жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз!” — деп белгилейт Дина Руслан, CODIFY

 

Тилекке каршы, Кыргызстандын жаратмандык жана инновациялык потенциалы ачыла элек. Учурда биз дүйнөлүк рынокту инновациялык жана креативдүү продукциянын ордуна, квалификациясы төмөн тейлөө кызматтарында иштеген мигранттар менен камсыз кылып жатабыз, эң өкүнүчтүүсү, анын кесепетинен бүтүндөй бир муундун балдары ата-энесиз өсүп келе жатат!

 

Биздин өлкөдө дүйнөлүк рынокко Made in Kyrgyzstan бренди менен инновациялык IT долбоорлорду жана креативдүү продукцияларды өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок Кыргызстан бул потенциалын толук ача албай келет!

 

Соңку бир нече жылдын ичинде Кыргызстандан расмий баасы (2022-жылдагы расмий MVector изилдөөсүнө ылайык) 600 миллион доллардан ашкан бир топ инновациялык долбоорлор жана стартаптар пайда болуп, алар эл аралык сынактарда алдыңкы орундарга ээ болууда.

 

“Accelerate Prosperity — инновациялык идеяларын экспертизалоо жана каржылоо аркылуу, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң салым кошуп келет. Биз аракетчил стартапчыларга кубануу менен жардам беребиз. Алар өз күчтөрүнө ишенип, ишкерликте тажрыйба топтогон соң Prosperity CUP инкубациясына эң мыктыларды чакырабыз», — дейт Accelerate Prosperity уюмунун директору Жылдыз Исабекова.

 

Ал эми 20-сентябрда жыйынтыктоочу иш-чара болот, анда 150 стартапчы-жарым финалист өз долбоорлорун презентация кылат. Бул күнү биз телеканалдарга жана журналисттерге иш-чараны жана стартап идеяларды презентациялоо учурун түз алып көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзгүбүз келет.

 

“STARTUP-NATION” иш-чарасынын ачылышынын алкагында панелдик сессиялар өткөрүлөт:
1. Борбор Азиядан келген стартапчылар/ишкерлер
2. Борбор Азиядан келген инвесторлор

 

Уюштуруучулар: Кыргызпатент, Accelerate Prosperity, CODIFY

 

Орду:
Ачылыш аземи:
16-сентябрь, Борбор Азиядагы Америка Университети, саат 10:00.
Дареги: Бишкек шаары, А. Токомбаев көчөсү.

 

Жыйынтыктоочу иш-чара:
20-сентябрь, Кыргызпатентке караштуу Инновация борбору.
Дареги: Эркиндик көчөсү, 58/а

 

Каттоо: 14-сентябрга чейин
(каттоо шилтемеси: https://letscodify.io/events/11)
Маалымат үчүн телефондор:

 

+996708 520 039 WA/TG
+996 557 452 240

 


 

СОЗДАЙТЕ СВОЙ IT ПРОЕКТ И ВЫИГРАЙТЕ $15,000 НА ХАКАТОНЕ «СТАРТАП-НАЦИЯ»

📆 📍 Где и когда будет проводиться?
Даты хакатона: 16-17 сентября, нон-стоп, начало в 10:00.
Адрес: АУЦА, 7/6 ул. Аалы Токомбаева, Бишкек.

 

💸 Что получат участники?
⁃ Топовых менторов,
⁃ Поддержку и реализацию своей идеи,
⁃ Нетворкинг и комьюнити,
⁃ Освещение в СМИ,
⁃ Призовой фонд в $15 000 долларов США

 

💡 Какие направления принимаются на Хакатон?
⁃ Гражданин и цифровое государство,
⁃ IT решения (ИИ, Машинное обучение, Блокчейн, SaaS, финтех и т.д.),
⁃ Креативные индустрии,
⁃ Эко-туризм, эко-фермы, зеленые решения.

 

👩💻 Кто может принять участие?👩🏻💻
⁃ Выпускники вузов и IT-курсов,
⁃ Программисты,
⁃ Предприниматели малого и среднего бизнеса, желающие внедрить IT-решения,
⁃ Стартаперы.

 

🚀 Как принять участие?
1. Зарегистрируйтесь на Хакатон в шапке профиля Let’s Codify
2. Присоединиться к группе в Telegram после регистрации, где вы найдете всю подробную информацию, а также сможете задать вопросы

 

🏁 Сколько длится регистрация?
Регистрация до 14 сентября 2023.