"40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча инновациялык демилгелерди тандоонун биринчи этабынын жыйынтыктары

«40 райондон 40 демилге» долбоору боюнча берилген 246 өтүнмөнүн ичинен акселерациялык программага катышуу үчүн 34 долбоор, анын ичинен 22 инновациялык демилге, 12 стартап алдын ала тандалып алынды.

Акселерациялык программа долбоордун финансылык моделин жана өндүрүш планын түзүүгө, долбоордогу тобокелдиктерди аныктоого, долбоордун бизнес-пландарын түзүүгө жана талдоого жардам берүү боюнча үзгүлтүксүз онлайн окутуу курстарынын форматында насаатчылык жана окутуу аркылуу бизнес-идеяны интенсивдүү өнүктүрүүнү камтыйт.

Окутуунун жыйынтыгы боюнча инновациялык долбоорлор алардын тармактык таандыктыгына жараша комплекстүү экспертиза жүргүзүү максатында көз карандысыз эксперттер тарабынан бааланат.

Андан кийин Ведомстволор аралык комиссия акселерациялык программаны өткөргөн уюмдун сунуштамаларынын жана көз карандысыз тармактык эксперттердин баалоосунун негизинде катышуучулардын бетачарларын угат жана талдайт.

Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow