"ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ" ДЕГЕН НААМ АДАБИЯТ, КИНО ТАРМАГЫНДАГЫЛАРГА БЕРИЛСИН!"

Мындай пикир бүгүн, 20-сентябрда «Жылдын мыкты китеби» сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктоо боюнча отурумда айтылды. КР Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги, КР Улуттук китеп палатасы менен биргеликте жылдын мыкты китебин аныктоо боюнча сынак өткөрүп жатат. Бүгүн калыстар тобунун биринчи отуруму өттү.
Сынактын максаты — басылма ээлерин сапаттуу китеп чыгарууга кызыктыруу, китепти жайылтууга көмөктөшүү, контенттин сапатын жогорулатуу.
Калыстар тобунун кароосуна 2022-2023-жылдары 16 басмаканада жарык көргөн 350гө жакын китептин ичинен: проза багыты боюнча — 23, поэзия — 24, балдар адабияты боюнча — 6 китеп сунушталган. Көркөмдүүлүк, актуалдуулук, полиграфиялык аткаруунун деңгээли, нускасы деген критерийлер боюнча электен өткөрүшөт.
Калыстар тобунун курамына адабият таануучулар, филология илимдеринин докторлору, профессорлор Сулайман Кайыпов, Садык Алахан, Аида Эгембердиева, КР Улуттук жазуучулар союзунун экс-төрагасы Байас Турал, КР ЖК депутаты Мирлан Самыйгожо, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Рахат Таштемирова, КР Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы Мээрим Көлбаева ж.б. кирген.
Белгилей кетсек, конкурстук номинациялар: “Жылдын мыкты прозасы”, “Жылдын мыкты поэзиясы”, “XXI кылымдын балдарына”, “Жылдын мыкты басмасы” багыттары боюнча жарыяланган.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow