Рынокту сегменттөө жана максаттуу аудиторияны аныктоо боюнча тренинг

Бүгүн, 26-сентябрда «40 райондон 40 демилге» долбоорунун алдын ала тандалып алынган 34 катышуучусу үчүн “Alfa Leader” тренинг-консалтинг компаниясынын консультанты Жылдыз Шекекова рынокту сегменттөө жана максаттуу аудиторияны аныктоо боюнча тренинг өткөрдү. Катышуучулар маркетинг комплексинин негизги элементтери, Ансофф матрицасы менен таанышышты Ошондой эле консультант долбоорду бизнестин кайсы багытында өнүктүрүү керектигин айтып берди.
Катышуучулар өз товары үчүн уникалдуу соода сунушун (УТП) кантип түзүүнү жана керектөөчүнүн аң-сезиминде өз товарын кантип жайгаштырууга болорун талкуулашты. Тренингдин алкагында катышуучулар кардарынын портретин түзүү жөнүндө үй тапшырма алышты.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow