“StartUp Students” конкурсуна катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктады

“StartUp Students” конкурсуна катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктады. Республиканын жогорку окуу жайларынан жана илимий-изилдөө институттарынан бардыгы болуп 90 өтүнмө келип түштү.
Конкурстун тематикалык багыттары боюнча түшкөн өтүнмөлөр төмөнкүдөй:
— санарип технологиялар — 25;
— медицина жана ден соолук— 16;
— өндүрүштүк технологиялар — 28;
— ресурс үнөмдөөчү технологиялар — 5;
— креативдүү индустриялар — 16.
Кийинки этап финалга катышуу үчүн стартаптарды алдын ала тандоону камтыйт.
Конкурстук комиссия ар бир стартап-долбоорду төмөнкү чен белгилери менен баалайт:
1) долбоордун инновациялуулугу;
2) долбоордун социалдык мааниси;
3) долбоорду коммерциялаштыруу келечеги;
4) конкурска катышуунун алкагында жакынкы жарым жылда долбоорду өнүктүрүү планы.
Конкурстун экинчи этабы – финал. Комиссия катышуучулардын бетачарларын угат, аны түшүндүрүп сунуштоого 5 минута берилет. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн максималдуу саны 3 катышуучу/команда болот. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылат.