“StartUp Students” конкурсунун биринчи этабынын жыйынтыктары

31-октябрда Кыргызпатент “StartUp Students” конкурсунун стартап-долбоорлорун алдын ала тандоо боюнча Конкурстук комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Конкурс өткөрүү жөнүндө жобого ылайык, көз карандысыз эксперттерден турган Конкурстук комиссия ар бир стартап долбоорго төмөнкү критерийлер боюнча алдын ала баа берди:

1) долбоордун инновациялуулугу;
2) долбоордун социалдык мааниси;
3) долбоорду коммерциялаштыруу келечеги;
4) конкурска катышуунун алкагында жакынкы жарым жылда долбоорду өнүктүрүү планы.

Конкурска келип түшкөн 90 өтүнмөнүн ичинен финалга катышуу үчүн 11 долбоор алдын ала тандалып алынды. Финалга катыша турган катышуучулардын тизмеги тиркемеде.

Конкурстун финалы 14-ноябрда Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо өтөт. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө Кыргызпатент тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow