КЫРГЫЗПАТЕНТ ИЛИМДЕГИ АЯЛДАРДЫ КОЛДОЙТ!

Бүгүн, 2023-жылдын 16-ноябрында, Бишкекте “Аялдар илимде жана инновациялык билимде” Борбордук Азия форуму өттү. Иш-чараны өткөрүүгө Кыргызпатенттин демилгесине Германия Эл аралык кызматташтык коому, “Ага Хан” өнүктүрүү фонду көмөктөшкөн.
Долбоордун негизги максаты — илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүккө дем берүү, жеке сектордо илимий натыйжаларды ишке киргизүүнү колдоо.
Форум аялдар жетектеген изилдөөлөрдү жана инновацияларды эл аралык жана аймактык мыкты тажрыйбалар аркылуу өркүндөтүү максатын көздөйт.
Катышуучулар илимий-техникалык потенциалды чыңдоо маселелерин талкуулашты жана ЖОЖдордун интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын коммерциялаштыруу жана ЖОЖ кызматкерлери үчүн инновациялык тренингдерди уюштуруу боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева:
-Кыргызпатент илимпоз айымдарды ар дайым колдоп келет. Биз, Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордун имаратына, баардык жаратман айымдарды чакырабыз,-деди.
Мындан тышкары, форумда “Илимдеги аялдар” долбоорун жыйынтыктоо катары “Илимдеги аялдар – өзгөрүүнүн кыймылдаткыч күчү” китебинин бет ачары болду. Китеп, форумдун катышуучуларына белек катары таратылды.
Мындай аракет, бүгүн, 2023-жылдын 16-ноябрында Кыргызпатент уюштурган “Илимдеги аялдар жана инновациялык билим берүү” Борбор Азиялык форумунун алкагында ишке ашты.
“Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” сынагынын:

“Акыл табылга” номинациясы менен мыкты ойлоп табуучулар:
  1. Исманов Медербек Марипжанович — Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек эл аралык университети;
  2. Зиялиев Кадырбек Жанузакович, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;
  3. Мусульманова Мукарам Мухамедовна, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
“Канатташ” номинациясы менен Автордук укук чөйрөсүндөгү жемиштүү кызматташканы үчүн:
  1. Кочергин Павел Геннадьевич — “Умай групп” жоопкерчилиги чектелген коому
“Интеллектуалдык өнөктөштүк” номинациясы менен, интеллектуалдык менчикке сый-урматты камсыздоого көмөктөшкөнү үчүн:
  1. Карбекова Азиза Баймаматовна, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттикиуниверситети;
  2. Султаналиев Бакытбек Сабырбекович, КР УИАнын автоматика жана машина таануу институту
“Келечек жаратман” номинациясы менен техника жаатындагы жаш жаратмандарга:
  1. Жолдубаев Искендер Жеңишбекович, А. Парпиев атындагы гимназия-мектеби, Ноокат району, Ош областы;
  2. Ишенбеков Бакдөөлөт Ринатович, Ак-Суу райондук балдарга билим берүү борбору, Ысык-Көл областы.
“Техникалык чыгармачылык ийриминин мыкты жетекчиси”
  1. Матураимова Калбү Божоевна, А. Тангатаров атындагы N14 мектеп-гимназиясы, Өзгөн району, Ош областы.
  2. Иманбеков Туратбек Шаршенбекович, Ак-Суу райондук балдарга билим берүү борбору, Ысык-Көл областы;
  3. Черненко Андрей Сергеевич, Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору, Чүй областы.
“Мыкты бренд” номинациясы — мыкты соода маркалары:
  1. Кубатбекова Айдана Мунарбековна, “Куликовский” кондитердик үйү;
  2. Айсаев Уткур Шамильевич, “Аброй групп” жоопкерчилиги чектелген коому.
Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо Илимдеги аялдарга арналган форум өттү. Анын алкагында панелдик талкуулар уюштурулган.
Форумдун программасы эки панелдик сессияны камтыды: “Аялдар илимде жана инновациялык билимде – Борбордук Азиядагы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” жана “Иш берүүчүлөрдүн коалициясы: гендердик аспектилерди эске алуу менен иш берүүчүлөр менен жумуш издөөчүлөрдүн ортосундагы байланышты колдоо”.
Мында аял окумуштуулар өздөрүнүн изилдөөлөрү туурасында баяндама жасашты.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow