40 РАЙОНДОН 40 ДЕМИЛГЕ - 2023

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги аймактардагы инновациялык демилгелерди колдоо үчүн “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында быйыл да 8 долбоор тандап алды. Анын ичинде 4 инновациялык долбоор жана 4 СТАРТАПП жеңүүчү деп табылды.

Алардын бири — Өзгөн районунан келген Арапбай Аманбаев.

ЭКО Таш — табигый таш аркылуу
“жашыл” экономикага долбоору

Долбоор алдыңкы инновациялык жергиликтүү минералдык чийки затты жана өндурүш калдыктарын колдонуу менен жаңы курулуш продукциясын өндүрүүгө багытталган.