2024-жылдын 26-мартында Кыргызпатент И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында кезектеги 25-Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборун (ТИКБ) ачты.

ТИКБнын негизги милдети ойлоп табуучуларга жана инноваторлорго интеллектуалдык менчик тармагы боюнча маалыматтык, кеп-кеңеш жана усулдук колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ортосунда кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө макулдашууга  кол коюлду.

Иш-чаранын алкагында, катышуучулар үчүн Кыргыз Республикасындагы ТИКБнын ишмердүүлүгү, И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы «SCOPUS» маалыматтык базасынын аймактык ресурстук борборунун ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле, өнөр жай менчик объектилери жөнүндө, аларга патент алуу үчүн өтүнмөнү түзүү, Интернет тармагынын ресурстарын пайдалануу менен маалыматтар базасы боюнча патенттик документтерди издөө, автордук укук объектилерин каттоо, өтүнмө берүүнүн эрежелери жана жамааттык башкаруу боюнча Кыргызпатенттин эксперттери тарабынан окутуу семинар уюштурулду.

Маалымат үчүн:

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында ачылган ТИКБдан, илимий бирикмелердин өкүлдөрү, ойлоп табуучулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттер өнөр жай менчик объектилерин каттоого өтүнмөнү толтуруу, товардык белгилерди каттоого, технологияларды өнүктүрүү жана  инновацияларды илгерилетүүгө байланыштуу техникалык жана патенттик маалыматтарды ала алышат.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow