Кыргызпатент жана ИМБДУ коммерциялык сырды башкаруу боюнча вебинар өткөрүштү

Кыргызпатент жана ИМБДУ коммерциялык сырды башкаруу боюнча вебинар өткөрүштү
17-апрелде Кыргызпатент Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) менен биргеликте «Өзүңүздүн коммерциялык сырыңызды башкарыңыз» деген темада вебинар өткөрдү.
Вебинар катышуучулардын чөйрөсүн чогултту, алардын арасында атамекендик ойлоп табуучулар, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүлөрү жана ТИКБнын координаторлору.
Вебинардын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер каралды:
  • бизнес үчүн коммерциялык сырдын мааниси;
  • коммерциялык сырды коргоо ыкмалары;
  • коммерциялык сырды башкаруунун укуктук аспектилери;
  • заманбап бизнес чөйрөсүндө коммерциялык сырды башкаруу, ошондой эле диагностикалык куралды колдонуу боюнча практикалык көрсөтмөлөр.
Кыргызпатенттин жана ИМБДУнун өкүлдөрү коммерциялык сырды башкаруу жаатындагы билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү, бул вебинардын катышуучуларына интеллектуалдык эмгектин натыйжаларын пайдалануу үчүн жаңы түшүнүктөрдү жана көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берди.
Белгилей кетсек, Кыргызпатент ИМБДУ менен биргеликте IP Сlinics программасын ишке ашыруунун алкагында, аныкталган бизнес муктаждыктардын жана жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин негизинде жергиликтүү уюмдарга жана ишканаларга интеллектуалдык менчик жаатында колдоо көрсөтүү боюнча ишин улантууда.
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Кыргызпатент и ВОИС провели вебинар по управлению коммерческой тайной
17 апреля Кыргызпатентом совместно со Всемирной организацией интеллектуальной собственности (ВОИС) был проведен вебинар на тему «Управляй своей коммерческой тайной».
Вебинар собрал круг участников, среди которых отечественные изобретатели, представители бизнес-сообществ, победители проекта «40 районов – 40 инициатив» и координаторы ЦПТИ.
  • В ходе вебинара были обсуждены следующие ключевые вопросы:
  • значение коммерческой тайны для бизнеса;
  • методы защиты коммерческой тайны;
  • правовые аспекты управления коммерческой тайной;
  • практические рекомендации по управлению коммерческой тайной в современном бизнес-окружении, а также по применению инструмента диагностики ИС.
Представители Кыргызпатента и ВОИС поделились знаниями и опытом в области управления коммерческой тайной, что позволило участникам вебинара получить новые инсайты и навыки для использования результатов интеллектуального труда.
Стоит отметить, что Кыргызпатент совместно с ВОИС продолжает работу в рамках реализации программы IP Сlinics, призванной оказывать поддержку в области интеллектуальной собственности местным организациям и предприятиям на основе выявленных деловых потребностей и осуществляемой деятельности.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow