18-апрелде Кыргызпатент Чүй облусунда жайгашкан Чүй жана Ысык-Ата районундагы «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн инновациялык демилгелеринин ишке ашуусу боюнча көчмө мониторинг жүргүздү

Маалым болгондой, Кыргызпатент тарабынан “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында тандоодо жеңип чыккан 8 инновациялык демилге 1000000 сомго чейин каржыланган. Жеңүүчүлөрдүн бири Ысык-Ата районундагы “Ранчо агрокомплексинин ишин кеңейтүү жана “Акылдуу ферма” башкаруу системасын ишке киргизүү” долбоорунун автору Джунушев Данияр. Кыргызпатент тарабынан берилген 543 900 сомго тийиштүү жабдууларын сатып алган.

Ранчо агрокомплексинде учурда 50 бодо мал үчүн мал сарай жана тоют базасы үчүн кампа даярдалган. Бодо малды кармоонун жалпы аянты 30 сотых жерди түзүп, участогу калктуу конуштан тышкары жайыт жерлер менен курчалган. Чарбанын өндүрүштүк кубаттуулугу: айына 4-6 баш бодо мал союу. Продукциялар ассортименти: эт жана эт азыктары. Алынган жабдуулары боюнча Д.Джунушев маалымат берип, иш жүзүндө жабдууларынын иштешин көргөздү.

Бүгүнкү күндө, дан майдалагыч жабдуусу менен тоюттарды даярдоодо, ошондой эле, вакуумдук таңгак менен даяр продукцияларды таңгактоо процесстеринин иш убактысы 3 эсеге кыскарган. Аткарылып жаткан иштен эффективдүү 30 % га көтөрүлгөн. Эттин негизги керектөөчүлөрү – этти кайра иштетүүчү ишканалар, Бишкек жана Кант шаарларынын калкы. Долбоорду ишке ашырууда 3 жумуш орун түзгөн. Азыркы учурда өндүрүп жаткан продукцияны стандартташтыруу жана эн белгисин иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Иш-чарага Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик фондунун аткаруучу директору А. Токтогулов, орун басары Т. Муктаров, ошондой эле Ыссык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — М.Бексултанова жана айыл кеңешинин жоопту катчысы М.Султанова катышышты. Катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшту.

Ошондой эле, Чүй районунда жайгашкан “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүсү, «Basaalam» цехинин башчысы А.Апитаевдин ишмердүүлүгү менен таанышуу болду.

Жеңүүчү церебралдык параличке кабылып баса албай калган балдардын басып кетүүсүнө жардам берген ортопедиялык жабдууларын өндүрүүдө. Жалпысынан 994 600 сомго жабдууларды жана материалдарды сатып алган.

24 ортопедиялык ылайыкташтырылган тепкичтерди/тирегичтерди жасаган. Буйрутмалар Кыргызстандын региондорундагы реабилитациялык борборлорунан жана жакынкы коңшу өлкө Казакстандан да алынып жатат. Ошондой эле, реабилитациялык отургучтарды өндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Долбоорду ишке ашырууда 4 киши эмгектенет. Жалпысынан 3 ири көргөзмөлөргө катышкан. Өндүрүү процессинде бардык алынган жабдуулар менен жумуш жеңилдеген, ошондой эле, азыркы учурда өндүрүп жаткан ортопедиялык тирегичтерди стандартташтыруу боюнча жана Саламаттык сактоо министрлигинен лицензия алуу боюнча иштери жүрүп жатат.

Иш чарага Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик фондунун аткаруучу директору А. Токтогулов, орун басары Т. Муктаров, ошондой эле Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Р. Тагаев, акимдин орун басары А.Идинова жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Медетов катышышты.

Катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшту.