ЖУСУП БАЛАСАГЫНДЫН «КУТТУУ БИЛИМ» ЧЫГАРМАСЫ БОЮНЧА ДИЛ БАЯНДАР СЫНАГЫ

Жусуп Баласагындын чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттиги Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” чыгармасы студенттердин көзү менен” аттуу дил баяндар конкурсун өткөрдү. Анын негизги максаты – окуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.

Сынакты өткөрүү үчүн өлкөдөгү активдүү жогорку окуу жайлардын бири Кыргыз-түрк Манас университети тандалып алынган. Жарыш апрель айында жалпы окуу жайдын студенттерине жарыяланган. Гуманитардык факультеттин студенттери активдүү катышып, 45 дил баян чогулган. Алардын ичинен эң мыкты 10 дил баян тандалып алынып, төртөө “мыкты” деп табылды. Кыргызпатенттин атынан жеңүүчүлөргө 1-2-3-даражадагы дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле, мугалимдерге дагы өз салымдарын кошуп, ар бир дил баянды талдап, эң мыктыларды аныктагандыгы үчүн ыраазычылык каттар берилди.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow